Жаңы жылды кыргызстандыктар рекорддук акча менен тосуп алды

© Sputnik / Жоомарт УраимовКоррупция в КР
Коррупция в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин калк колдонуп жаткан акчанын рекорддук көрсөткүчү 2018-жылдын сентябрь айында катталып, 92,5 миллиард сомду түзгөн.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Кыргызстандыктардын 1-январга карата жүгүртүүдөгү акчасы рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул туурасында Улуттук банктан билдиришти.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйнө өлкөлөрүнүн мамкарызынын ИДПга болгон катышы кандай? Кыргызстандын абалы
Жүгүртүүдөгү акча — калктын кредиттик уюмдардагы калган акчаларын алгандагы эсеп. Кеп улуттук валюта туурасында гана болуп жатат. 1-январга карата элдин колунда жүгүртүүдөгү акчасы 93 миллиард 466,1 миллион сом болгон.

Буга чейин калк колдонуп жаткан акчанын рекорддук көрсөткүчү 2018-жылдын сентябрь айында катталып, 92,5 миллиард сомду түзгөн.

Кыргызстандын запаста канча алтыны бардыгы жана анын сомдун курсуна болгон таасири туурасында маалымат да чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0