Улуттук банк 2018-жылы 155 млн. доллар короткон. Резерв канчага азайды

© REUTERS / Akhtar Soomro / File PhotoОбмен валюты в Карачи
Обмен валюты в Карачи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр сомдун курсун кармап туруу үчүн Улуттук банк дээрлик 155 миллион доллар сарптаган.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бир жылда Улуттук банктын эл аралык валюта резервинин көлөмү 21 миллион долларга азайган. Бул тууралуу мекеменин маалыматында айтылат.

Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын запаста канча алтыны бар? Сомго тийгизген таасири
Кыргызстандын эл аралык валюта резерви ондон ашык валютадан, CDR (карыз алуу боюнча атайын укук — жасалма резерв жана Дүйнөлүк банктын төлөө каражаты) жана алтындын корунан турат. Алар эл аралык төлөөлөрдө, төлөө балансынын тартыштыгын жабууга жана улуттук валютаны туруктуу кармоодо колдонулат. Сомдун курсу рыноктун талабына ылайык калыптанат.

Улуттук банк былтыр 154 миллион 550 миң доллар сатып, 20 миллион 550 миң доллар сатып алган. Ошентип терс сальдо 134 миллион долларды түздү.

2018-жылдын аягында резервдин көлөмү 2 миллиард 155 миллион 460 миң долларды түзгөн. Бул көрсөткүч 2017-жылдын аягына салыштырмалуу 21 миллион долларга аз.

Жаңылыктар түрмөгү
0