"Өзгөчө" номер сатуудан мамлекет 56 миллион сом киреше көрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековПродажа новых автомобильных номеров в Кыргызстане
Продажа новых автомобильных номеров в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2016-жылы Мамкаттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" ишканасы мамлекеттик номерлерди чыгаруу менен алектене баштаган. Буга чейин бул вазыйпаны "Анкер" деп аталган жеке компания аткарчу.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. 2016-жылдын 1-июнунан тарта Мамлекеттик каттоо кызматы (Мамкаттоо) унаа транспортунун номерлерин сатуу менен мамлекеттик бюджетке 100 миллион сом салым кошту. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, 2016-жылы Мамкаттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" ишканасы мамлекеттик номерлерди чыгаруу менен алектене баштаган. Буга чейин бул вазыйпаны "Анкер" деп аталган жеке компания аткарчу.

"Андыктан номерлерди сатуудан түшкөн каражат толугу менен алардын эсебине кетчү. Агезде номерлердин баалары доллар менен евронун курсуна жараша өзгөрүлүп турчу. Мисалы, 2010-жылы бир номер 790 сом турса, бул баа 2016-жылы 1050 сомго чыккан", — деп айтылат билдирүүдө.

Мамкаттоодон кошумчалашкандай, "Инфоком" түзүлгөндөн кийин жарандардын чөнтөгүнө дагы жеңилирээк боло түштү.

Проблема затора в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Башка бирөөдөн "крутой" номер сатып алуу оңой болуп калат. Жаңы долбоор
Анткени жеке унаалардын номери 24,4 пайызга, дипломаттык, консулдук жана эл аралык өкүлчүлүктөрдүн номери 61,5 пайызга арзандатылды.

2016-жылдан бери "Инфоком" жалпысынан 12 миң жөнөкөй, 700 өзгөчө комбинациядагы жана 10 ысым жазылган номер даярдаган. Ошентип жөнөкөй номерлерди сатуудан 46 миллион, "өзгөчө" номерлерди сатуудан 56 миллион сом тапкан.

Ишкана мамлекетке жөнөкөй номерлерден түшкөн кирешенин 91 пайызын, өзгөчө номерлердин 100 пайызын төгөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0