Разаков: чет элдиктер менен иштегиси келген ишкерлерди өкмөт колдойт

Жазылуу
Чиновник Россия кыргыз тараптан биргелешкен ишканалар боюнча сунуштарды күтүп жатканын айтты.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кыргызстан ишкерлеринин Россия менен биргеликте күнүмдүк жашоо-турмушта колдонулчу ар кандай товарларды өндүргөн ишканаларды ачуусу күтүлүп жатат. Бул тууралуу вице-премьер Жеңиш Разаков Бишкекте өтүп жаткан "Ишкер Евразия. Бизнести өнүктүрүү жолдору" аттуу экономикалык форумда айтты.

"Кыргызстан башка мамлекеттерге бир гана айыл чарба продукцияларын эмес, башка товарларын деле чыгарса жакшы болмок. Бул тилегибизди ЕАЭБ алкагында билдиргенибизде Россия биримдикке кирген өлкөлөрдөн өзү менен биргеликте ишканаларды ачуу боюнча сунуштарды күтөрүн билдирген. Биз дароо Кыргызтандын бизнес коомчулугуна бул тууралуу айтканбыз. Учурда ишкерлерден абдан жакшы, сапаттуу сунуштар түшүп жатат", — деди Разаков.

Мындан тышкары, өкмөт мүчөсү ишкерлерге чет элдик өнөктөш издөөдө, алар менен иштешүүдө чоң колдоо көрсөтөрүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, ушул тапта Бишкекте Россия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Иран, Түркия сыяктуу ондон ашык мамлекеттин бизнес өкүлдөрү катышкан экономикалык форум өтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0