Министрлик: Түркмөнстан картошка алууга даяр, бирок дыйкандар макул эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековОткрытие логистического центра в Кеминском районе
Открытие логистического центра в Кеминском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр өкмөт Өзбекстанга ири көлөмдө картошка экспорттоо боюнча келишим түзүлгөнүн айтып, Айыл чарба министрлиги дыйкандарга дал ушул жашылчаны эгүүнү сунуштаган.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Түркмөнстан Кыргызстандан 60 миң тонна картошка сатып алууга даяр, бирок дыйкандар алар сунуштаган баага ыраазы болбой жатат. Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

"Түркмөнстан менен 60 миң тонна картошканы экспорттоо боюнча келишим бар. Бирок баа азыркыдай эле 5 сомдун тегереги болуп жаткандыктан, дыйкандар буга макул эмес", — деди Чодуев.

Анын айтымында, быйыл Кыргызстан сыртка жалпысынан 150 миң тонна картошка чыгарышы зарыл болчу. Буга чейин анын 50 миң тоннасы кардарын тапты.

"Андан тышкары, жакынкы күндөрү Алматынын дүң базарына 6 миң тонна түшүм кетти. Калган 100 миң тоннага жакын картошка сатыла элек. Бул чоң көйгөй", — деди министрдин орун басары.

Сбор урожая в Свердловской области - Sputnik Кыргызстан
Картошканы эптей албай жатканда... Коңшулар экспорт боюнча дүйнө лидери болушту
Ал кошумчалагандай, Кыргызстандын ички керектөөсүнө, тагыраагы, жегенге, келерки жылкы үрөнгө жана малдын тоютуна жылына 1 миллион 250 миң тонна картошка керек. 2018-жылы дыйкандар бул азыкты 1 миллион 400 миң тоннадан ашуун өндүргөн. Ошол себептүү 150 миң тоннасын экспорттоого туура келип жатат.

Былтыр өкмөт Өзбекстан менен ири көлөмдө картошка экспорттоо боюнча келишим түзүлгөнүн айтып, Айыл чарба министрлиги дыйкандарга дал ушул жашылчаны эгүүнү сунуштаган. Ушу тапта карапайым эл 100 тоннага чейин түшүм алгандан кийин татыктуу баада сатып алчу кардар таппай карайлап турат.

Бирок жакынкы күндөрү кайрадан Айыл чарба министрлигине баш бакканыбызда министр "өкмөт картошка баасын көтөрүү үчүн болгон аракетин кылганын, бирок бааны базар аныктай турганын" айтып алакан жайган.

Жаңылыктар түрмөгү
0