Кыргызстанга тоо-кен тармагынан эң көп киреше түшкөн мезгил айтылды

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүАлтын кени. Архив
Алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн башкы геологу 2010-жылдан берки маалыматтарга токтолду.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Тоо-кен тармагынан Кыргызстандын бюджетине эң көп киреше 2015-жылы түшкөн. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Ал 2010-жылдан берки киреше тууралуу сөз кылды.

"2010-жылы бюджетке 5 миллиард сом түшкөн. Буга чейинки эң көп киреше 15 миллиард сомду түзүп, 2015-жылга туш келген. Бул "Жерүй" кенинин лицензиясынын сатылышына байланыштуу, — деди Осмонбетов.

Ошондой эле алтын, жез сыяктуу сейрек кездешкен металлдардын ар биринин запасы 2 миң тоннадан экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0