Күмтөр алтын кени. Архив

Жээнбеков: тоо-кен тармагындагы салыкты жогорулатуу керек

163
(жаңыланган 17:35 30.01.2019)
Кыргызстанда тоо-кен тармагындагы салыктын көлөмү башка өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла төмөн.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында тоо-кен тармагындагы салык коюмдарын өзгөртүү зарыл экенин айтты.

Ушу тапта өтүп жаткан жыйындын күн тартибинде жер байлыгын пайдалануу тармагындагы коопсуздук маселеси турат.

"Айрым өлкөлөрдө аталган тармактагы салык 15 пайыздан 50 пайызга чейин жетет. Кыргызстанда орточо 8-10 пайызды түзөт. Мындай абалды өзгөртүү керек", — деди Жээнбеков.

Өлкө башчынын айтымында, аталган тармактан мамлекеттик бюджетке 12 миллиард сом түшөт.

163
Белгилер:
тоо-кен, салык, Коопсуздук кеңеши, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Жээнбеков өлкөнүн маанилүү тармагындагы "соодага" нааразы болду
Кыргызстанга тоо-кен тармагынан эң көп киреше түшкөн мезгил айтылды
ЕАЭБ мамлекеттердин желектери. Архив

ЕАЭБ чек араларындагы көйгөйлөр тезирээк чечилет. ЕЭК жыйынынын жыйынтыгы

112
(жаңыланган 00:45 11.07.2020)
Комитет ЕАЭБдин ичинде товарларды эркин өткөрүүнү камсыз кылуу жана талаш маселелерди, келишпестиктерди жөнгө салган "Жол картасын" иштеп чыгуу менен алектенет. 27-июлга чейин Биримдиктеги өлкөлөр өз сунуштарын көрсөтүшү керек.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын алкагында Евразия экономикалык биримдиктеги товарларды өткөрүүгө байланыштуу талаш кырдаалды жөнгө салган комитет түзүлөт. Бул тууралуу ЕЭК маалымат кызматы кабарлады.

10-июлда ЕЭК кеңешинин кезектеги жыйыны болду. Комитетти ЕЭК коллегиясынын башчысы Михаил Мясникович жетектейт.

"Комитетке Биримдиктеги мамлекеттердин ыйгарым органдарынын жетекчилери жана алардын орун басарлары, ошондой эле ЕЭК коллегиясынын мүчөлөрү Олег Панкратов, Гегам Варданян, Тимур Жаксылыков, Виктор Назаренко, Андрей Слепнев кирген", — деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, комитет ЕАЭБдин ичинде товарларды эркин өткөрүүнү камсыз кылуу жана талаш маселелерди, келишпестиктерди жөнгө салган жол картасын иштеп чыгуу менен алектенет. 27-июлга чейин Биримдиктеги өлкөлөр өз сунуштарын көрсөтүшү керек.

"Жол картасына Биримдиктеги өлкөлөр арасында, анын ичинде ички чек араларда бир жактан экинчи жакка жөнөтүлгөн товарларды текшерүү иш-чараларын алып салуу же азайтуу кадамдары кириши мүмкүн. Мындан сырткары, планга товар айлантуудагы көзөмөл, каттоо жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуучу чечимдер да киргизилет. Жол картасын ЕЭК кеңеши бекитет", — деп жазылган билдирмеде.

ЕЭК жалпы электроэнергетика рыногун түзүү боюнча иш-чаралардын жол картасын жактырды

Жол картасына сунушталчу маселелеринин ичинде транзитти жөнөкөйлөштүрүү көйгөйү да бар. Жыйындын жыйынтыгында ЕАЭБде транзитти жөнөкөйлөштүрүү боюнча келишимге кол коюу пландалып жатканы маалым болду.

"Башкы максат — бажы транзитинде бажы төлөмдөрүн төлөө системасын ыңгайлуу кылып түзүү. Бул келишим бажы төлөмдөрүн сөзсүз төлөө учурларына тиешелүү", — деп айтылат маалыматта.

Долбоордо Макулдашуу суроолордун эки блогун жөндөй турганы айтылган.

"Биринчиси, декларанттар үчүн кыскартуу мүмкүнчүлүгүн колдонууну карайт. Алар транзиттик жүктөр менен иштөөдө тажрыйбасы бар жана аларга коюлган критерийлерге жооп бере алгандар. Сумманы азайтуу бир катар шарттарды сактагандыгына жараша 20 же 30 пайызды түзүшү мүмкүн", — деп билдирди маалымат кызматы.

Суроолордун экинчи бөлүгү кепилдикти өнүктүрүүгө багытталган. Ал бажы, салык, атайын, антидемпингдик, компенсациялык төлөмдөрүнүн милдеттүү аткарылышын камсыздаган ыкма катары каралууда.

Ал кепил (поручитель) болгондорду улуттук кепил катары таануу боюнча жалпы шарттарды аныктайт. Аны менен бирге эле алар үчүн каржылык гарантиянын көлөмүнөн 10дон 100 пайызга чейин кыскартып колдонууну карайт. Макулдашуудагы "жеңилдетилген" механизм тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн ЕАЭБ алкагында жүк ташуусунда тарткан чыгымдарын азайтууга көмөкчү болот", — деп айтылган маалыматта.

Бул макулдашуу өлкөлөр жана Комиссиянын тыкыр иштелип чыккан бажы документтеринин бири. Бул боюнча иш 2015-жылдан бери Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин буйругунун негизинде жасалып келе жатат. Ал учурда иштелип аягына чыкты.

Жээнбеков Бирдиктүү евразия патенти боюнча маанилүү документке кол койду

Жыйында Евразия экономикалык биримдиктин "Сүт жана сүт продукциясынын коопсуздугу тууралуу" техникалык регламентине да өзгөртүүлөр киргизилген. Анда ЕАЭБ "калыбына келтирилген сүт" түшүнүгүн киргизди. Калыбына келтирилген сүт — бул кургатылган сүттөн жасалган азыктар. Буга чейин биримдикте "сүт суусундугу" деген гана түшүнүк бар болчу.

Мындан сырткары, ЕАЭБдин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөлдөө жобосуна да өзгөртүүлөр киргизилгени айтылды.

112
Белгилер:
транзит, сунуш, техникалык регламент, өзгөртүүлөр, комитет, жыйын, ЕЭК, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема боюнча
Назаралиев: ЕАЭБ өлкөлөрү ортосунда бирдиктүү биржа рыногу түзүлөт
Бишкектеги стационардын биринде иштеген медиктер. Архивдик сүрөт

COVID-19ду ооздуктоого чет жактан алынган акчанын 2,2 млн. доллары бөлүнгөн

101
(жаңыланган 13:17 10.07.2020)
Кыргызстан чет элдик донорлордон 627,3 миллион доллар сураган. Бүгүнкү күндө анын жарымы келип түштү.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Чет жактан алынып жаткан каражаттын эсебинен коронавирустун жайылышына бөгөт коюу иш-чараларына 2,2 миллион доллар бөлүнгөн. Бул туурасында вице-премьер Эркин Асрандиев брифинг учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстан чет элдик донорлордон кредит жана грант түрүндө 627,3 миллион доллар сураган. Бүгүнкү күндө Финансы министрлигинин эсебине 321,4 миллион доллар келип түштү. Анын 2,2 миллион доллары (болжол менен 165 миллион сомдун тегереги) медициналык жабдуу жана каражат алууга берилген. Бул акчаны Дүйнөлүк банк берген. 

Өкмөт быйыл саламаттыкты сактоо тармагына канча акча бөлүнгөнүн жарыялады

Ал суммага төмөнкүлөр алынды:

  • Тез жардам унаасы — 13 даана;
  • Жеке коргонуу каражаттары — 109,3 даана;
  • Дезинфекциялоо каражаттары — 8,3 миң даана;
  • Лабораториялык реактивдер — 36,3 миң даана;
  • Дары-дармек — 385,6 миң даана;
  • Медицина багытындагы буюмдар — 45,4 миң даана;
  • Өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат — 10 даана;
  • Жасалма дем алдыруучу BiPAP аппараты — 50 даана;
  • Чарба товарлары — 15,9 миң даана; 
“Товарларды сатып алуу үчүн тендерлер Дүйнөлүк банктын талаптары менен өтүп, ага өздөрү көзөмөл кылышты. Мындан сырткары, бизге бир нече өлкөдөн товар түрүндө гуманитардык жардам келген. Алар: тесттер, жабдуулар, медициналык боюмдар. Бул боюнча да кийинчерээк толук маалымат берилет”, — деди Асрандиев.

Белгилей кетсек, каражаттар бюджетти колдоо, COVID-19дун жайылышына жол бербөө жана экономиканы колдоо деп үч багыт менен алынууда. 

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

101
Белгилер:
колдонуучу, медицина, карыз, каражат
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
COVID: зарыл болгон жардамды бир жерге топтогон жаңы сайт ишке кирди
Нарын облусу 300 кычкылтек концентраторуна жана 17 ИВЛге муктаж болууда

COVID-19дун белгилери байкалган тааныш же туугандарыңыз барбы?

0
0