Элчилик: Кыргызстан Россияга бир катар ишканалардын тизмесин жөнөтүшү керек

© Фото / пресс-служба МИД КРВстреча посла КР в РФ Аликбека Джекшенкулова с замминистра сельского хозяйства РФ Сергеем Левиным
Встреча посла КР в РФ Аликбека Джекшенкулова с замминистра сельского хозяйства РФ Сергеем Левиным - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчи Аликбек Жекшенкулов Россиянын айыл чарба министринин орун басары Сергей Левин менен жолугушуп, мындан аркы кызматташтык боюнча кеп кылышты.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Россиянын айыл чарба министринин орун басары Сергей Левин менен жолугуп, эки өлкөнүн айыл чарба жаатындагы мындан аркы кызматташтыгы жөнүндө сүйлөштү. Бул тууралуу Кыргыстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

"Тараптар Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча биргелешкен ишканаларды ачуу боюнча сүйлөштү. Мындан тышкары, логистикалык борборлорду куруу мүмкүнчүлүгүнө дагы токтолушту", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле буга чейин түзүлгөн келишимдердин алкагында КРге ветеринардык жабдууларды, үрөн жеткирүү боюнча сөз болгону айтылат.

Всемирные игры кочевников-2016 на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Казакстан: Кыргызстан менен иштешүүгө бош тармактарды иликтеп жатабыз
Россия тарап Кыргызстан менен органикалык айыл чарбасы жаатында топтолгон таржыйбасынан бөлүшүп, балык чарбасын өнүктүрүү боюнча түшүндүрүү иштерин улантарын билдирди.

Ал эми эки өлкөнүн ортосундагы айыл чарба жааты боюнча келишимдерди толук кандуу ишке ашыруу үчүн кыргыз тарап стратегиялык өнөктөшүнө кызматташууга даяр бир катар ишканалардын тизмесин жөнөтүшү зарыл. Мындан соң кыргызстандык ишкерлер Россияга өз продукциясын экспорттоп же алар менен биргелешкен ишкана түзүшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0