Офис. Архивдик сүрөт

Кыргызстандагы IT-компаниялары Россиянын тендерлерине катыша алат

98
(жаңыланган 14:31 01.02.2019)
Бир жыл мурда Россияда айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилген.

АЛМАТЫ, 1-фев. — Sputnik. Өткөн жылдын 1-январынан тарта ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү IT-компаниялар үчүн Россиянын тендерлерине катышууга бирдей шарттар түзүлгөн. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведев "Глобализация доорундагы санариптик күн тартиби 2.0" форумунда билдирди. 

© Sputnik / Дмитрий Астахов
Россия өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведев "Глобализация доорундагы санариптик күн тартиби 2.0" форумунда

Иш-чара бүгүн, 1-февралда, Алматы шаарында (Казакстан) ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөр аралык жыйынынын алкагында өтүүдө.

"Негизги талап — компания программалардын бирдиктүү реестрине киргизилиши керек. Тендер биздин мыйзамдардын негизинде көзөмөлгө алынат. "Бешилтик" мамлекеттериндеги компаниялар ресстрге катталуу менен Россиянын рыногуна кирип тендерге катыша алат", — деди Медведев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда IT-технология тармагы активдүү өнүгүүдө.

98
Белгилер:
Евразиялык экономикалык биримдик, IT компаниялары, тендер, Россия, Алматы
Тема боюнча
Абылгазиев: жыл аягына чейин ар бир айылда интернет болот
Абылгазиев ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат. Программа