Мобильник тиркемеси. Архивдик сүрөт

"Мобильниктен" акча чыгаруу токтотулду. Качан калыбына келет?

192
(жаңыланган 17:37 04.02.2019)
"Мобильниктин" банк-өнөктөшү жаралган кырдаалга комментарий берип, кардарларга түшүндүрмө берди.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. "МобильникДеньги" электрондук капчыктын колдонуучуларынын каражаты банкта. "Мобильник" серверинин техникалык көйгөйү чечилгенден кийин каражаттар төлөнүп берилет. Бул тууралуу "Мобильниктин" өнөктөшү "Бай-Түшүм" банкынын сайтына жарыяланды.

1-февралдан тарта каражатты касса аркылуу чыгаруу убактылуу токтотулган. Банктын маалыматына караганда, электрондук капчыкта калган каражат жана аткарылган операциялар боюнча маалымат алмашуу токтоп калган.

Финансылык мекеме акча төлөнүп берилерине кепилдик берди. Каражат качан кайтарылары тууралуу кошумча маалымат берилет.

Банктан белгилешкендей, коммуналдык кызматтардын, бирдиктин өз убагында төлөнүшү боюнча жоопкерчилик "Мобильниктин" мойнунда. Төлөмдөр кечиктирилип жатса, жарандар 0 (700) 97-67-39 номери аркылуу байланышка чыга алат.

Үстүбүздөгү жылдын январь айынын акыры жана февралдын башында көпчүлүк "МобильникДеньги" электрондук капчыгы аркылуу операциялар аткарылбай жатканын айтып, арыздана баштаган. Бир нече ири ишканалар сервис менен кызматташууну токтоткон.

"Мобильниктин" негиздөөчүсү жана акциясынын 49 пайызынын ээси Адилет Боотаев Sputnik Кыргызстан агенттигине контролдук пакетти 2017-жылдын сентябрь айында казакстандык ишкерге сатып жибергенин билдирген.

Мындан тышкары, ал дивиденд албай калгандыгына байланыштуу укук коргоо органдарына кайрылган.

Ишти Финпол карап жатат. Боотаевдин айтымында, коллективдин бир бөлүгү иштен алынгандыгына байланыштуу төлөм системасынын ишин караган киши жок болуп калган. Натыйжада көйгөй жаралып отурат.

"Мобильник" ЖЧКсынын жетекчилиги окуяга расмий комментарий бере элек.

192
Белгилер:
ЖЧК "Мобильник", төлөм, система, Кыргызстан
Тема боюнча
Финпол: "Акнет" мамлекетке 150 миллион сом төлөп берди