Депутат Примовдун жакындары 11 лицензияга ээлик кылабы? Чоо-жайы

© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловДепутат Улан Примовдун архивдик сүрөтү
Депутат Улан Примовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Сооронбай Жээнбеков 30-январда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөргөн. Анда бир эле адам 41 "алтын" лицензия алганын билдирип, кен тармагында коррупция тамырын терең жайганын айткан.

Первая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова по итогам 2018 года  - Sputnik Кыргызстан
Кендеги коррупциянын тамыры кыйылабы? Жээнбековдун тапшырмасы
Ошол "алтын" лицензиялардын ээси Эрик Жумаев бир күндө алтынга 19 уруксат кагазын алганын кийин Sputnik Кыргызстан агенттиги аныктап чыккан. Ал учурда лицензия берген Өнөр жай, энергетика жана кен боюнча мамлекеттик комитетин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев эле.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкө аймагында дагы кимдер көп лицензияга ээлик кыла тургандыгын тактоону улантат.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин расмий сайтындагы маалыматына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примовдун атасы Бердибай Примовдун өзүнө катталган алты ишканасы 11 лицензия алган.

"Улан-Чи"

Ишкана Ош облусунун аймагынан үч лицензия алган, ал курулуш материалдарын чыгарган компанияны Клара Примова жетектейт. Уруксат кагаздары 2025, 2029 жана 2037-жылдарга чейин берилген.

"Перити Коал"

Бул ЖЧК дагы үч лицензияга ээлик кылат. Бердибай Примов башкарган компания уруксат кагаздарын суу, көмүр, акиташ өндүрүү үчүн алган. Алардын айрымдары 2037-жылга чейин жарактуу.

"Береке Кен"

Аталган ишкана Ноокат районунда гипс казуу үчүн 2,2 гектар жерге бир лицензия алган. Бердибай Примовго уруксат кагазы 1999-жылы эле берилген, анын мөөнөтү 2020-жылдын соңунда аяктайт.

"Синьжи-Пирим"

Жоопкерчилиги чектелген коом курамында чопо менен куму бар топуракты казуу үчүн бир лицензия алган. Ал дагы 2037-жылга чейин берилген.

"Көмүр Компаниясы"

Көмүр казган ишкана кара алтын казуу үчүн эки лицензияга ээлик кылат. Примов бул уруксат кагаздарын 532 гектар жерге алган.

"Мамат Компани Кульдамбес"

ЖЧК Ош облусунун Өзгөн районунда көмүр өндүрүүгө бир лицензия алган. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети аны 2035-жылга чейин берген.

Ал эми Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Улан Примов ишкерлик менен алектенбей калганын жана туугандарына кайрылууну айтты.

"Мен азыр парламентте эл өкүлүмүн, учурда ишкерлик менен алектенбейм. Ал компаниялардын ишмердүүлүгү боюнча туугандарым иш алып барат. Ошондуктан бардык чарбалык маселелер боюнча аларга кайрылгыла", — деди депутат.

Ошентип Примовдор 914 гектардан ашык жерге 11 лицензия алганга үлгүрүп, алты ишкана 2018-жылы мамлекетке 136 миллион сомдон ашык каражат төлөгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0