Алтын кен. Архив

Лицензияны жергиликтүү ишкерлерге бербегендерди да жоопко тартуу сунушталды

107
Эл өкүлү чет элдик компаниялар тоскоолдугу жок лицензия алып жатышса, жергиликтүү дыйкандар суу үчүн лицензия ала албай кыйналып жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко кен чыккан жерлерди иштетүү үчүн чет элдик компаниялар лицензияны тоскоолдуксуз эле алып жатканын, ошол эле учурда аймактагы өнөр жайды өнүктүрөм деген жергиликтүү компаниялар али күнчө уруксат кагазын ала албай жүргөнүн айтты.

Депутаттар бүгүнкү жыйында ар кандай маселелерди карады.

Никитенко жакында эле Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, бир катар ЖМКлар кенди иштетүү үчүн мыйзамсыз берилип кеткен лицензиялар тууралуу жазып чыгышканына токтолду.

"УКМКнын берген маалыматы боюнча Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгандан бери кен иштетүү боюнча 2570 лицензия берилиптир. Мисалы, Дүйшөнбек Зилалиев иштеп турганда (Өнөр жай, энергетика жана кен боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы — ред.) чет элдик 13 компанияга лицензия берген экен. Бул тармак коррупцияга белчесинен батты. Биз лицензияны мыйзамсыз бергендерди гана жоопкерчиликке тартпастан, өз ишине шалаакы мамиле кылганы үчүн, бюрократия үчүн жана таза иштеген жактарга бербей койгону үчүн да жоопкерчиликке тарталы", — деди ал.

Депутат мисал катары Ысык-Көлдүн Каракол шаарында сүттү кайта иштетүү менен алектенген "Ак-Булак плюс" ишканасы суу үчүн лицензия ала албай жатканын айтты.

"Алар ЕАЭБдин алкагында сүт экспорттойбуз деп жатат. Суу үчүн лицензия ала албай цехтер токтоп турат. Жер казынасын пайдалануу комитети болбогон иштер менен алектенүүдө. "Жер казынасы жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизилгени менен эки жылдан бери булар сууга берилчү лицензиянын жобосун толук иштеп чыгышкан эмес. 13 чет элдик компания баалуу кендерге лицензия алат дагы жергиликтүү дыйкандар лицензия ала албай келишет. Себеби жобо жок. Мамлекеттик мекемелер өз ишин так аткарбай жатат", — деди ал.

Эл өкүлү мындай мисалдар көп экенин айтты.

Sputnik Кыргызстан агенттиги берилип кеткен лицензиялар тууралуу бир катар материал даярдаган. Депутат Арапбаевге таандык делген 12 лицензиянын чоо- жайы такталып, бир күндө 19 лицензия алган компания ээси аныкталган.

107
Белгилер:
лицензия, кен, Наталья Никитенко, Жогорку Кеңеш
Тема боюнча
Депутат Примовдун жакындары 11 лицензияга ээлик кылабы? Чоо-жайы