Майды арзандаткыла! Нефтетрейдерлерге мамлекеттик орган талап койду

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүМай куйуучу жай. Архив
Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кылган башкы өнөктөш Россияда дүңүнөн сатылган нарк төмөндөдү.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги нефтетрейдерлерге күйүүчү-майлоочу майга болгон бааны түшүрүүнү сунуштады. Бул тууралуу аталган агенттик билдирди.

Маалыматта Кыргызстандын жылдык керектөөсү 1,2 миллион тонна экени, анын 80 пайызга жакыны Россиядан келери айтылган.

"2018-жылдын декабрынан тарта Россияда мунайга болгон баа арзандап жатат. Мындан улам Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги өлкөнүн ири нефтетрейдерлерине бааны төмөндөтүү боюнча сунуштамалар жөнөтүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.

Мекеме ири нефтетрейдерлердин май куюучу жайларында эки айдын ичинде бензиндин баасы төрт пайызга арзандаганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0