Прокуратура: министрлик жараксыз китеп чыгарып, 33 миллион сом чыгым келтирген

© Sputnik / Яков АндреевКитептер. Архив
Китептер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факты боюнча КРдин Жазыктар кодексинин 320 ("Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 204-беренелери ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура Билим берүү жана илим министрлигин текшерип, окуу китептерин чыгарууда бир катар кемчиликтер кеткенин аныктады. Бул тууралуу көзөмөл органынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Дүйнөлүк банк "Билим берүү тармагындагы реформаларды колдоо" долбоорунун алкагында насыя жана грант катары жалпы суммасы 16,5 миллон долларга жеткен каражат берген.

Анын ининен 5-класстардын "Табият таануу", 6-класстардын "География" китебин басып чыгаруу үчүн 4 миллион 168 миң доллар сарпталган.

"Китептерди иштеп чыгуу милдетин мойнуна алган "БК" ЖЧКсы келишимдин шарттарын бузуп, өз милдетин "И" ЖЧКсына өткөрүп берип койгон. Мындан тышкары, "БК" ишканасы китептердин туура эмес варианттарын көрсөтүп, министрлик аны бекитип берген. Жыйынтыгында 2018-жылы сапатсыз жана жараксыз китептер басылып чыккан", — деп айтылат билдирүүдө.

Жараксыз болуп калган китептерди басып чыгарууга мыйзамсыз түрдө 32 миллион 749 миң сом корогону кошумчаланды.

Аталган факты боюнча КРдин Жазыктар кодексинин 320 ("Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 204-беренелери ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголду. Иликтөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0