Пара менен кармалган кишинин акчасы кайда кетери айтылды

© Sputnik / Михаил Кутузов / Медиабанкка өтүүАкча алып жаткан адамдар. Архив
Акча алып жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов мындай учурда тергөө амалдары толук жүргүзүлүшү керектигин айтты.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова парламенттин жалпы жыйынында пара менен кармалган учурда укук коргоо органдары тарабынан алынган акчалар кайда кетерине кызыкты.

"Бул жерде чоң маселе бар, пара менен кармалган кишинин парасы эмне болот? Анткени иш тергелип аяктагандан кийин акча кайта ал кишиге берилбей жатат. Ушундай учурларда кандай кыласыздар, азыр ушундай арыз менен кайрылгандар болуп жатат", — деди эл өкүлү.

Борбор калаанын мурдагы мэри Албек Ибраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сагынбаев: Албек Ибраимов кабинетинен 250 миң доллар пара алган
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов мындай учурда тергөө амалдары толук жүргүзүлүшү керектигин айтты.

"Соттун чечими менен пара берген адамга акчасы кайтарылышы керек. Бардыгы мыйзамдын негизинде каралат. Айрым учурларда компенсация болушу мүмкүн. Анын бардыгын сот чечет", — деди Асанов.

Бүгүн депутаттар "Тышкы миграция жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун карады. Ал үчүнчү окууга киргизилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0