Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбеков. Архивдик сүрөт

Экс-төрага ТЭЦти оңдоо боюнча келишим эмнеге бир күндө кабыл алынганын айтты

1837
(жаңыланган 11:58 14.02.2019)
Экс-төрага ошол учурда өкмөттөгүлөр менен өлкө башчысы тездетип бергиле деп шаштырганын айтты.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбеков Бишкек ТЭЦин оңдоо боюнча келишим парламент тарабынан эмне үчүн бир күндө кабыл алынганынын себебин түшүндүрүп берди.

Учурда Жогорку Кеңеш Бишкек ТЭЦинде болгон авариянын себептеринин иликтениши жана оңдоого кеткен 386 миллион доллар боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

Жээнбеков Бишкек ТЭЦин оңдоо боюнча келишимди ак ниет менен чын дилден өлкө башчыларга ишенип колдогонун айтты.

"2013-жылдын 16-июлунда өкмөт контракттык келишимге кол койду. Жогорку Кеңеш анын негизинде кредиттик макулдашуунун долбоорун 9-10-сентябрда үч комитетте карады. Тездетип бергиле, бул келишим керек деп шаштырышкан. Алар ким экенин өзүңөр жакшы билесиңер", — деди Жээнбеков.

Ал ошондой эле Отун-энергетика комитети менен Бюджет жана финансы комитети чечимин чыгарып бергенин кошумчалады. Ал эми келишим боюнча жыйынтыктоочу макулдукту Эл аралык иштер боюнча комитети берген. Аны ошол учурда депутат Каныбек Иманалиев жетектеген.

Жээнбеков өкмөт тарабынан тездетип бергиле деген сураныч менен келишимдин долбоорун Жогорку Кеңеш 9-10-сентябрда карап, 11-сентябрда өкмөт кредиттик макулдашууга кол койгонун белгиледи.

Ал эми Каныбек Иманалиев бул жерде комитеттин бир дагы күнөөсү жок экенин, алар ошол учурдагы жетекчилердин берген сунушуна ишенгенин айтты.

"2013-жылы 9-сентябрда президенттин өкүлү келип үч күндөн кийин Кытайдын президенти келет, тарыхый документке кол коюш керек деди. Ошондо мен кол койбосом, өзүмдү кыргыз элинин душманы катары эсептемекмин. Ошончо акча менен келе жатса, ошого комитеттин башчысы катары каршы болсом. Ал документке мен "жейт" деп кол койгон жокмун да", — деди ал.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун архивдик сүрөтү
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Иманалиев эл аралык келишим болгону базалык гана келишим болорун, ага андан кийин коштоп жүрүүчү кредиттик жана техникалык келишимге кол койгондор ишке ашырып, аны жөндөп кетиши керектигин белгиледи. Себеби Жогорку Кеңеште отурган 120 депутаттын баары тең финансист же инженер эмес.

2018-жылдын 26-январында кечки саат 18:00дө Бишкек ТЭЦинин эски буу казандарына суу берген куур иштен чыгып, кубаттуулугу 340тан 154 мегаваттка чейин азайтылган болчу. Мындай мүчүлүштүккө коомчулук катуу нааразылыгын билдирген. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, бир нече аткаминер сурак берип, камакка алынган. Жакында эле тергөө иштери аяктап, бардык материалдар сотко өткөрүлдү.

1837
Белгилер:
депутат, авария, модернизациялоо, ТЭЦ, Бишкек, Жогорку Кеңеш
Тема:
ТЭЦ боюнча козголгон кылмыш иштер жана кармалгандар (60)
Тема боюнча
ТЭЦ боюнча Жээнбеков да текшерилеби? Коопсуздук кеңешинин жообу
TBEA компаниясына артыкчылык берүүдөн мамлекетке канча зыян келгени айтылды