Алтын, сурьма, жез, гранит казууга лицензия алган чет элдиктер. Тизме

© Sputnik / Эмиль СадыровХайдарканский ртутный комбинат в городе Айдаркен
Хайдарканский ртутный комбинат в городе Айдаркен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан берилген лицензиялар боюнча коомчулукта кызуу талкуу жүрүүдө. Ага өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинин айрым мамлекеттик органдарды катуу сынга алгандыгы себеп болгон.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жеке тараптарга кен казууга, издөөгө жана чалгындоого берилген лицензияларды карап чыгып, ал жактан чет элдик компания, ишкерлердин ысымдары менен байланышкан уруксат кагаздарын тизмектөөнү улантат.

Гранит казууга

Хаусон Эндрю Джон өзү ачып иштеткен "Аванте Капитал" жоопкерчилиги чектелген коому гранит казууга бир лицензия алган. Ал ишкананын негиздөөчүлөрү катары Джек Кристофер Ватсон, Жалдыз Жамантаева, "Флагман и Фаворит" юридикалык жана финансылык компаниясы көрсөтүлгөн.

Депутат Арапбаев Азамат - Sputnik Кыргызстан
Депутат Арапбаев 12 лицензияга ээлик кылабы? Уруксат кагаздардын чоо-жайы
Алтын издөөгө эки лицензия

"Артель Трейд" жоопкерчилиги чектелген коомуна Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан эки лицензия берилген. Ал кагаздар Жалал-Абад, Талас облусундагы 7179 гектар жерде алтын издөөгө алынган. Ал эми ЖЧКны Вон Чин Йон, Азамат Мадияров менен "Голден Игл Майнинг Пти Лтд" компаниясы түптөгөн.

Сурьма кенин чалгындоо

Лю Юйдунг "Айлин ЛТД" ЖЧКсын негиздеген. Ал ишкана Ош облусунун аймагында сурьма кенин чалгындоо үчүн бир уруксат кагазын алган. 187 гектар жерге лицензия 2022-жылга чейин берилген.

Алтын издөөгө

Джу Жон Жун аттуу ишкер кыргызстандык Бердибек Дайыров менен биргеликте "Алтын Эмгекчи" ЖЧКсын ачкан. Ал ишкананын Нарындын аймагында алтын издөөгө эки лицензиясы бар.

Суу чыгаруу, алтын казуу

Чүй облусундагы кытайлык "Алтынкен" жоопкерчилиги чектелген коомун Чжан Хуахуэй жетектейт. Аталган ишкана суу чыгарууга жана алтын казууга эки лицензия алган.

61 миң 200 гектарга берилген

Кыргызстанда катталган "Аманголд" ЖЧКсы 61 миң 200 гектар жерде алтын издөө үчүн бир уруксат кагазына ээлик кылат. Анын негиздөөчүсү катары Руслан Абдыгулов, Сергей Юрченко жана Кипрде катталган MERISACO INVESTMENTS LIMITED аталышындагы жеке компания көрсөтүлгөн.

Алтын кенин чалгындоого эки лицензия

Чаткал районундагы алтын кенин чалгындоого "Асман-Таш" ЖЧКсы эки лицензия алган. Юстиция министрлигинин расмий сайтында У Бо аттуу ишкер жетектеген ал ишкананын негиздөөчүсү катары "К.ШУНЬ (ГОНКОНГ) ИНДАСТРИАЛ ЛИМИТЕД" жабык акционердик коому жазылган.

Уран кенин чалгындоо

Өлкө аймагында катталган "Аян Инвест" жоопкерчилиги чектелген коому Чүй облусунда уран кенин чалгындоого бир лицензиясы бар. Цэндсурэн Тэмулэн, Алымбай Окунов, Александр Гребенюк аттуу адамдар негиздеген компанияга уруксат кагазы 1797 гектар жерге берилген.

Алтын казууга бир лицензия

"Баткен Майнинг Компани" ЖЧКсы 55 гектар жерден алтын казууга уруксат кагазын алган. Ал жоопкерчилиги чектелген коомун Кан Имань, Тан Вэй Цзюнь жана " Түштүк-Кыргыз Эмгек Кызыл Туу ордендүү геологиялык экспедициясы" мамлекеттик ишканасы түзгөн.

Төрт лицензия

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети "Бай-Таш" жоопкерчилиги чектелген коомуна төрт лицензия берген. Хэ Чен Юй, Чжу Чуньбинь, Вэн Чжицзюнь жана Рахатбек Турпанов түптөгөн ишкана уруксат кагаздарын кум, шагыл казуу, суу чыгаруу үчүн алган.

Көмүр өндүрүү

Бай Си аттуу ишкер өлкө аймагында "Бай Ма" ЖЧКсын ачкан. Ал ишканага Өзгөн районундагы 3357 гектар жерден көмүр өндүрүүгө уруксат кагазы берилген.

Алтын кенин чалгындоого

Джан Вэй өзү негиздеп жетектеген "ГЕО СОЮЗ" жоопкерчилиги чектелген коому алтын кенин чалгындоо үчүн эки лицензияга ээлик кылат. Ал ЖЧКны Джан Гошен, Туратбек Исмаилов, Бакир Усманов түптөгөн.

Кыш чыгарууга бир лицензия

Чжан Яньфэнь жетектеген "Байтик Курулуш" жоопкерчилиги чектелген коому кыш чыгаруу үчүн курамында чопо жана куму бар топурак казууга бир лицензия алган. Ал ишкананы "Синьтай Тайсин механическое оборудование" ЖЧКсы түзгөн.

Алтын кенин чалгындоого

Ни Йоучуан өлкө аймагында "ГЕОСИЛЛ" ЖЧКсын ачып, учурда аны жетектеп келет. Кен казуу тармагындагы ал ишканага Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети алтын кенин чалгындоого эки лицензия ыйгарган.

Эки көмүр кенин чалгындоо

Мамлекеттик комитет "Бакал" жоопкерчилиги чектелген коомуна эки көмүр кенин чалгындоого лицензия берген. Аталган ишкананы "Синьцзянская нефтегазовая группа компаний "Чжун Юань" компаниясы негиздеген.

Эки алтын кенин чалгындоо

"Гео-Кыргыз" жоопкерчилиги чектелген коомун Тунай Генжехан негиздеген. Ал ЖЧК алтын чалгындоого эки лицензияны 2020 жана 2024-жылга чейин алган.

Барит казуу, чалгындоо

"Джи Йю Тоо-кен өндүрүүчү компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун барит кенин чалгындоого, казууга эки лицензиясы бар. Су Чжао негиздеген ишкананы өзү жетектеп келет.

Алтын, жез, күмүш, сурьма

Кыргызстанда катталган "Геологоразведка ЛТД" компаниясын Доктор Ронигер Хелмут, Маймайти Али ачкан. Ишкана алтын, жез, күмүш, сурьма кенин чалгындоого эки уруксат кагазын алган.

Жез кенин чалгындоо

"Геологоразведочная компания Келечек" ишканасы жез кенин чалгындоого бир лицензияга ээлик кылат. Ал компания Хуан Цинтао, Чжи Цзяньхун, Ван Сяопин аттуу ишкерлерге таандык.

Алтын казуу

"Глобал Ширальджин Майнинг" жоопкерчилиги чектелген коому Талас облусунда алтын казууга бир лицензия алган. Аны чет өлкөдө жайгашкан Global Asia Mining AG, "Глобал Азия Майнинг Лимитед" компаниялары негиздеген.

Алтын чалгындоого

"ГоФеС Групп" компаниясы алтын кенин чалгындоого бир лицензияга ээлик кылат. Ал ишкананы "Бритиш Голден групп", "Кара-Суу Групп" компаниялары түзгөн.

Алтын кенин чалгындоо

Гун Цзиндэ, Гао Сяньмэн, Сапатбек Толубаев аттуу ишкерлер "ГОЛДЕН ГРУПП" ЖЧКсын негиздеген. Ал ишкананын алтын кенин чалгындоого бир лицензиясы бар.

Алтын казууга, чалгындоого

Хэ Си Кыргызстанда "Голден хэнд" жоопкерчилиги чектелген коомун ачып жетектейт. Ал компаниянын Чаткал районунда алтын казуу, чалгындоо үчүн эки лицензиясы бар.

Алтын, жез, коргошун, цинк

Ву Ийчэн жетектеген "Тоо инвестициялык компаниясы "Кайди" жоопкерчилиги чектелген коому буга чейин алты лицензияга ээлик кылып келген. Учурда анын алтын, жез, коргошун, цинк чалгындоого жана казууга үч уруксат кагазы бар. Юстиция министрлигинин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, аталган ишкананы Кытайдын Анхой провинциясындагы "Тяньюн" компаниясы негиздеген.

Суу чыгаруу

У Кэлинь, Пэн Жуянь негиздеп жетектеген "Датан Тоо-курулуш компаниясы" ЖЧКсынын суу чыгарууга бир лицензиясы бар. Аны 2027-жылга чейин алган.

Бериллий, алтын, күмүш, жез, коргошун

Ван Ян аттуу ишкер негиздеп башкарган "Тянь-Шань" тоо-өнөр жай Компаниясы" ЖЧКсынын бериллий, алтын, күмүш, жез, коргошун издөөгө эки лицензиясы бар. Уруксат кагазы 27 миң 348 гектар аянтка берилген.

Курулуш материалдарын чыгаруу

Ян Чжи, Мурат Икрамов, Лира Кемелбаева "Да Шань" ЖЧКсын ачкан. Алар курулуш материалдарын өндүрүү үчүн эки лицензия алган.

Алтын казуу

Лю Вейдун ишмердүүлүгүн көзмөлдөгөн "Данай Сервис" жоопкерчилиги чектелген коому бир лицензия алган. Ал алтын казуу үчүн 2022-жылга чейин берилген.

Жез, алтын издөө

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети "Джень Юань Кыргызстан" ишканасына алтын, жез издөөгө төрт лицензия берген. Ал ЖЧКны Кытайдын геология жана металлургия башкы башкармалыгынын Шаньдун башкармалыгы түзгөн.

Алтын чалгындоо

Лу Янлонг жетектеген "Жаз Майнинг" жоопкерчилиги чектелген коому 326 гектар аянттагы алтын кенин чалгындоого уруксат кагазын алган. Анын мөөнөтү 2021-жылдан соңунда аяктайт.

Алтын чалгындоо

Jibek Jol Kenbailygy ("Жибек Жол Кенбайлыгы") ЖЧКсын Зенг Ниансю, Лю Ванбин, Вей Жэнбиао, Раманбек Разакулов түптөгөн. Ишкананын Чаткал районундагы 299 гектар жерде алтын чалгындоого бир лицензиясы бар.

Алтын чалгындоо

Фэн Фан Бин "ЖИНЯНЬ" жоопкерчилиги чектелген коомун башкарат. Ал дагы алтын кенин чалгындоого уруксат кагазын алган.

Көмүр чалгындоо

Бишкекте катталган Zhongyuan Energy and Mineral Resources Co., Ltd ("Жонгюан Энергия энд Минерал Ресорсес Ко., Лтд") ЖЧКсына көмүр кенин чалгындоого эки уруксат кагазы берилген. Ал ишкананы Ча Ли, Ли Минг аттуу ишкерлер ачкан.

Көмүр казуу

"Жумгал Көмүр" жеке ишканасы кара алтын казууга эки лицензияга ээлик кылат. Ал ЖЧКны Юе Хефу, Ильяз Акымбаев, Жазгул Орозобаева ачкан.

Көмүр казуу

Алтын куймасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир күндө 19 лицензия алган. Алтын кендерин басып жаткан Жумаевдин таржымакалы
Юстиция министрлигинин расмий сайтында "Ибраимов Кенешбек Ашымович" жоопкерчилиги чектелген коомун Чжэн Хуаймин, Ян Венцай, Хоу Чжиюань, Яо Зичжан, Эльдар Жунусов негиздөөчү катары жазылган. Ал компаниянын көмүр казууга бир лицензиясы бар.

Жогоруда тизмектелген уруксат кагаздарынын басымдуу бөлүгү алтын кендерине берилген.

Эске сала кетсек, буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттиги чет элдик компания, ишкерлердин ысымдары менен байланышкан уруксат кагаздарын тизмектеген.

Маалыматтар Юстиция министрлиги менен Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0