Былтыр мигранттар Кыргызстанга акча которуу боюнча рекорд коюшту

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүАКШ долларлары жана Россия рубли. Архив
АКШ долларлары жана Россия рубли. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейинки эң көп каражат 2017-жылы которулган.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. 2018-жылы Кыргызстанга тышта жүргөн мигранттардан 2 миллиард 685 миллион 270 миң доллар которулду. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылган.

Эскерте кетсек, мигранттардын салган акчасы өлкөнүн ИДПсынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

Негизи 2005-жылдан былтыркы жылдын ноябрына чейин жеке тараптар Кыргызстанга 21 миллиард 734 миллион 790 миң доллар жөнөткөн.

Келген каражаттын ири бөлүгү — 21 миллиард 46,7 миллион доллары Россиядан келген. Буга чейинки рекорд 2017-жылга таандык болчу, ал жылы РФтен 2,4 миллард доллардан ашуун акча которулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0