Күнүмдүк керектелчү азык-түлүктүн баасы канчага кымбаттады. График

© Sputnik / Эмиль СадыровГород Исфана в Лейлекском районе Баткенской области
Город Исфана в Лейлекском районе Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы он беш жылда эт 3,7 эсе кымбаттаган. Калган азык-түлүктүн баасы дээрлик бир эсе көтөрүлгөн. Sputnik Кыргызстан агенттиги учурдагы баалар менен 2000-жылдардагы бааларды салыштырып, өлкө боюнча орточо айлык акы канчага жогорулаганын билип көрдү.

Улуу муундагылар колбаса 2,20 сом болгонун эстешсе, андан жашыраак муун 5 сомго нан жана бал муздак сатып алууга мүмкүн болгонун эскерет.

Sputnik Кыргызстан агенттиги күнүмдүк керектелчү азык-түлүктүн баасы кантип өзгөргөнүнө баам салып көрдү.

Салыштыруу үчүн 2003-жылдан берки баалар алынды. Анткени Улуттук статистика комитетинин сайтында дал ушул убакыт ичиндеги маалыматтар гана бар.

Графиктен 2003-жылдан 2018-жылга чейин күнүмдүк керектелчү азык-түлүктөр — эт (уйдуку), нан, сүт, ун, картошка, шекер, өсүмдүк майы жана алманын баалары көрсөтүлгөн.

Тактай кете турчу жагдай, нандын наркы бир даанасына эмес, килограммга жараша эсептелди.

Кыргызстанда картошканын баасы кандай өзгөрдү - Sputnik Кыргызстан
Ойго да келбейт! Кыргызстанда картошканын баасы кандай өзгөрдү
Улуттук статистика комитети 2010-жылга чейин таза сүттүн баасына байкоо жүргүзүп келген, андан кийин пастеризацияланбаган сүттүн баасын каттоого алган. Андыктан графикте эки түрдүү сүттүн баалары көрсөтүлдү.

2003-жылдан 2018-жылга чейин орточо айлык акы 1,9 миң сомдон 15,7 миң сомго чейин жогорулаган. Ал эми 2018-жылдагы маяна 11 айдын гана жыйынтыгы менен берилди. Анткени былтыркы жыл боюнча так маалымат жарыялана элек.

Азык-түлүк канчага көтөрүлүп, сомдун куну канчага түштү?

Белгиленген убакыт аралыгында маяна 8,2 эсеге өскөн, ал эми доллардын курсу 2003-жылдын башында 46,04 сом болсо, былтыр жыл аягында 69,85 сомду түзгөн. Ошентип аталган мезгил ичинде доллар 23 сом 81 тыйынга кымбаттаган.

Азык-түлүктүн кымбатташы:

  • уй эти 3,7 эсе;
  • нан 3,4;
  • алма 2,9;
  • биринчи сорттогу ун менен картошка 2,8;
  • шекер 2,1;
  • күн карама майы 1,7.

Нак сүт 2,6 эсе кымбаттаса, пастеризацияланбаган сүт бир жарым эсе жогорулаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0