MegaCom бренди менен таанымал Альфа Телеком компаниясынын сайты. Архив

Кыргызстандагы ири мамлекеттик ишкана интернет жарнамага 12 миллион сом сарптайт

195
(жаңыланган 09:54 17.02.2019)
интернет айдыңындагы жарнамага тендер жарыялады.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. MegaCom бренди менен таанымал "Альфа Телеком" компаниясы жарнамага 12 миллион сомдой каражат сарптоону пландап жатат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалат.

Билдирүүгө ылайык, 15-февралда аталган мамлекеттик ишкана интернет айдыңындагы жарнамага 11 миллион 999 миң 769 сомго тендер жарыялады.

Бул каражаттар контексттик жана таргетингдик жарнамаларды жайгаштырууга жумшалат.

Анын мөөнөтү 11-мартта жыйынтыкталат.

195
Белгилер:
мамлекеттик ишкана, мамлекеттик сатып алуу, жарнама, Кыргызстан
Тема боюнча
Байланыш операторлорунун эл аралык кызматын мыйзамсыз колдонгондор кармалды
Премьер Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин башчысын иштен алды
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив

Азыр тигүүчү, бычмачы, модельер эң керектүү кесип. Жапаровдун куттуктоосу

7
(жаңыланган 10:50 13.06.2021)
Бүгүн — жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнү. Өлкө башчы өндүрүштүн жаңы талаптарына жооп берген квалификациялуу кадрларды даярдоо пландалганын айтты.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-июнда, жеңил өнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жапаров жеңил өнөр жайы өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу жана стратегиялык маанилүү багыттарынын бири болуп саналарын белгилеген.

"Текстиль, кийим тигүү, бут кийим өндүрүү жана булгаары иштетүү ишканаларынын жетекчилеринин жана жумушчуларынын күжүрмөн эмгегинин аркасында өлкөнүн социалдык-экономикалык потенциалы жогорулап жатат. Ата мекендик жеңил өнөр жай продукцияларынын кеңири, сапаттуу жана жеткиликтүү ассортименти республиканын экспортундагы алдыңкы позицияларды кармап калууга, экспорттук негизги рыноктордогу суроо-талаптарды жана муктаждыктарды канааттандырууга мүмкүндүк берет", — деп айтылат маалыматта.

Президент аталган тармакта мурунку муундун салтын сактап келген, жаңы технологияларды ийгиликтүү өздөштүргөн адистер эмгектенерин жана бул жеңил өнөр жайдын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрүн кошумчалаган.

Жеңил өнөр жай ишканалары республиканын эмгек рыногунда калкты олуттуу деңгээлде иш менен камсыз кылып, жарандардын жашоо сапатына оң таасирин тийгизүүдө деген.

"Тигүүчүлөрдүн, бычмачылардын, модельерлердин кесиби республикада эң көп талап кылынган адистиктердин катарына кирет. Ошону менен жакынкы мезгилде мамлекет тарабынан өндүрүштүн жаңы талаптарына жооп берген квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча иштерди жүргүзүү каралууда. Мамлекет тарабынан ушул артыкчылыктуу тармакты колдоо боюнча иштер улантылат, ири долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүлөт, анын сапаттуу уюштурулушу он миңдеген жумуш орундарын түзүүгө жана анын өнүгүү деңгээлинин жаңы масштабдарына өтүүгө мүмкүнчүлүк берет", — деди президент.

Өлкө башчы Садыр Жапаров жеңил өнөр жайдын ар бир кызматкерине жана ардагерине ак ниет эмгеги, жалпы республиканын экономикасынын өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымы үчүн зор ыраазычылык билдирген.

7
Белгилер:
экономика, куттуктоо, Жеңил өнөр жайы, Садыр Жапаров, Кыргызстан
Тема боюнча
Акылбек Жапаров: Түркия менен соода жүгүртүү 1 млрд. долларга жеткирилет
Кыргызстан Түркияга Таласта төө буурчакты кайра иштеткен завод ачууну сунуштады
Таласта төө буурчак заводу. Архив

Кыргызстан Түркияга Таласта төө буурчакты кайра иштеткен завод ачууну сунуштады

28
Айыл чарба министринин орун басары президент Садыр Жапаровдун Түркия Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында жетишилген келишимдер жөнүндө айтып берген.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызстан Түркияга Таласта төө буурчакты кайра иштеткен завод ачууну сунуштады. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашевдин айтымына таянып президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Мукашев президент Садыр Жапаровдун Түркия Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында жетишилген келишимдер жөнүндө айтып берген.

"Кыргыз тарап Түркияга Талас облусунда төө буурчакты кайра иштетүү боюнча заводдорду ачууну сунуштады. Мындан тышкары, жүгөрү жана картошканы кайра иштетүү, үрөн чарбасы менен асыл тукум мал чарбасы жаатында биргелешкен кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сунуштарын берди", — деген министрдин орун басары.

Түркияга болгон расмий иш сапарда кыргыз тарап тамчылатып сугаруу системасын түзүү жаатында инвестицияларды тартуу боюнча биргелешкен ишкана уюштурууну сунуштаганы кошумчаланды.

28
Белгилер:
завод, төө буурчак, Талас, айыл чарба, Түркия, Кыргызстан
Тема:
Садыр Жапаровдун Түркияга расмий сапары
Тема боюнча
Көргөндүн көзүн кубантып. Канайым Айгүл Жапарованын сапардагы сүрөттөрү
Акылбек Жапаров: Түркия менен соода жүгүртүү 1 млрд. долларга жеткирилет