Былтыр Кыргызстандан болуп көрбөгөндөй акча сыртка кеткен

© AFP / ADEM ALTANАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2017-жылга салыштырмалуу акчанын агымы 90 миллион долларга көбөйгөн.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстандан сыртка агылган акчанын көлөмү 540 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын ачык маалыматтарында айтылат. Сөз жеке жактардын которуулары тууралуу болуп жатат.

Бул 2005-жылдан (ачык маалыматтар чыга баштаган жыл) берки рекорддук көрсөткүч. Экинчи орунда 2017-жыл турат, анда сыртка 90 миллион долларга жакын которулган.

Каражаттын 90 пайыздан ашыгы Россияга жиберилгени белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0