Депутат: Суу чарба департаменти бөлүнгөн акчаны актабай жатат

© Фото / пресс-служба ЖКЖК депутаты Аалы Карашев
ЖК депутаты Аалы Карашев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал эми суу пайдалануучулардан 60-70 миллион сомдун тегерегинде каражат чогултулат.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Суу чарба жана мелиорация департаментине 2019-жылдын бюджетинен дээрлик 1,5 миллиард сом каралган. Бул тууралуу аталган мекеменин өкүлү Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Айыл чарба министрлигинин алдындагы Айдоо жерлерин өнүктүрүү, үрөн өстүрүү жана органикалык айыл чарба өндүрүш бөлүмүнүн жетекчиси Жигиталы Жумалиев - Sputnik Кыргызстан
Айыл чарба министрлиги фермердин айыптоолоруна жооп берди
Депутат Аалы Карашев Суу чарба департаменти суу пайдалануучулардан жылына канча сом чогуларына жана мамлекет тарабынан канча каражат бөлүнөрүнө кызыкты.

Мекеменин өкүлүнүн айтымында, быйылкы бюджеттен 1 миллиард 276 миллион 195 миң сом каралган. Андан сырткары, капиталдык салымдар боюнча 300 миллион сом бөлүнөт. Ал ошондой эле былтыр суу пайдалануучулардан 61,5 миллион сом жыйналганына токтолду.

Эл өкүлү Аалы Карашев мамлекеттен бөлүнгөн каражат акталбай жатканын билдирди.

"Мамлекет бюджеттен 1,5 милилард сом берип жатат, силердин чогултуп тапканыңар 60 миллион сом. Силерге мамлекет 22 эсе көп каражат берип жатат", — деди ал.

Ошол эле учурда депутат ирригациялык системаны жакшыртуу үчүн чет жактан Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгандан бери жүздөгөн миллион доллар келгенин айтып, бирок жыйынтык жок экенине токтолду.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев берилген каражаттар эскилиги жеткен каналдарды оңдоп-түзөөгө гана кетерин билдирди.

"Биздин 112 насостук станциябыз бар, алардын баары эски. Бузулган жерин оңдоп келе жатабыз. Каналдардын бардыгы эски, акча ошолордун оңдолушуна кетет", — деди ал.

Бүгүн депутаттар Суу кодексине, "Суу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, ал добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0