Эмне уктап жатасыңар? Сурабалдиева бензинди 10 сомго арзандатса болорун айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Эльвира Сурабалдиева
Депутат Эльвира Сурабалдиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлүнүн айтымында, Казакстан арзан баадагы бензинди Кыргызстанга ташып келүүгө кызыкдар экенин беш ай мурда айткан.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Парламенттин жалпы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева бензинди 10 сомго чейин арзандатууга мүмкүн экенин айтып, бул боюнча өкмөткө нааразы болду.

Эл өкүлүнүн айтымында, Казакстан арзан баадагы бензинди Кыргызстанга ташып келүүгө кызыкдар экенин беш ай мурда айткан.

"Азыр Казакстанда бензиндин баасы түштү. Бирок ага карабай биздеги баа менен айырма 10-15 сом болуп жатат. "Казмунайзат" улуттук компаниясынын орун басары күзүндө эле Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанга 400 миң тонна бензин ташуу планы бар экенин айтыптыр. Ал ошондой эле 2019-жылы бензиндин көлөмүн 1 миллион тоннага жеткиребиз деген, бирок биз эмнегедир кымбат майды колдонуп жатабыз. Эмнеге эконкомика министри элди ойлобойт, бензин 10 сомго арзандаса жаманбы? Буга эмне тоскоол болууда, качан элдин кызыкчылыгын ойлойбуз?! Бул боюнча эмнеге иштебей жатасыңар?" — деп нааразы болду Сурабалдиева.

ЖК депутаты Аалы Карашев - Sputnik Кыргызстан
Депутат: Суу чарба департаменти бөлүнгөн акчаны актабай жатат
Буга Олег Панкратов Кыргызстан күйүүчү майды Россиядан аларын, Казакстандын өзүндө дефицит болуп импорттоп жатканын белгиледи.

"Коңшу өлкөдө профицит болгон. Анан биздин өкмөт башчы казак тарап менен 100 миң тонна бензин алып келүү боюнча долбоорду иштеп чыгууну макулдашкан", — деди Панкратов.

Ал эми Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев бул долбоор жакын арада ишке кире турганын айтып, учурда эки тараптын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда сүйлөшүү жүрүп жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0