Улуттук банк акчанын болуп көрбөгөндөй сыртка агылышына түшүндүрмө берди

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр 540 миллион доллардан ашуун акча сыртка чыгып, 2017-жылга салыштырмалуу 90 миллион долларга өсүп кеткен. Бул рекорддук көрсөткүч.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Улуттук банк Sputnik Кыргызстан агенттигине жеке тараптар тарабынан сыртка которулган акча боюнча түшүндүрмө берди.

Эскерте кетсек, былтыр 542,3 миллион доллар, 2017-жылга караганда 90 миллионго көп каражат сыртка чыккан.

Улуттук банк жеке тараптардын акча которуулары өлкөгө кирген жана андан чыккан акчага жалпы жонунан таасир тийгизбей турганын белгиледи.

"Акча которуу системалары ("Золотая Корона", "Контакт", "Юнистрим", Western Union) — жеке тараптардын акча которуусу үчүн ири каналдардын бири болуп саналат. Кыргызстандыктар, анын ичинде мигранттар да бар, өз каражатын банк эсептери, почта аркылуу жөнөтүп, ошондой эле накталай да алып жүрө алат", — деп айтылат сурамга келген жоопто.

Доллары США - Sputnik Кыргызстан
Финансы министрлиги Кыргызстандын карызы кайсы чекке жеткенин айтты
Улуттук банк былтыркы жылдын көрсөткүчүн рекорд деп айтуу анча туура эместигине токтолду.

"Сыртка чыккан акча акыркы жылдардагы орточо көлөмдүн чегинен чыга элек. Кыргызстандан акча которуу орточо 20-25 пайызга өскөн", — деп айтылат катта.

Мындан тышкары, Улуттук банк жалпы сыртка чыккан акча менен кирген каражаттын ортосундагы айырманы саноо максатка ылайык деп эсептейт. Былтыр 542,3 миллион доллар каражат сыртка чыкканын эске алсак, жалпы жонунан кирген акча 8,2 пайызга өсүп, 2 миллиард 685,3 миллион долларды түзгөн.

"Акча которуу системасынын таза кирешеси 2 миллиард 143 миллион долларды түзгөн же 5,5 пайызга өскөн десек болот", — дешти башкы банктан.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
6 млрд. сом түшкөн эмес! Өткөн жылы мамлекеттик бюджеттин планы толбой калды
Муну менен бирге Улуттук банк бул акча эмне максатка которулганы, ага Финанасы чалгын кызматынын банк эсептери менен ячейкаларынын ээлеринин реестрин түзүү себеп болгон жокпу деген суроолорго жооп берди.

"Каражат негизинен чет өлкөдө жашаган тууган-туушкандарына жардам иретинде жөнөтүлгөн. Ал эми коммерциялык максатта которулган акча анча көп эмес", — деп айтылат маалыматта.

Башкы банк инвестиция, насыя, экспорт-импорттук операциялар акча которуу системалары аркылуу жүргүзүлбөй турганын, мындан улам алар бул статистикага кирбей турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0