Президент ЕАЭБдеги товарларды идентификациялоо боюнча макулдашууну жактырды

Жазылуу
Аталган документке 2018-жылдын 2-февралында Алматы шаарында кол коюлган болчу.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Евразия экономикалык биримдигиндеги товарларды идентификациялоо жана маркалоо жөнүндөгү макулдашууну ратификациялады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Аталган документке 2018-жылдын 2-февралында Алматы шаарында кол коюлган.

Аталган макулдашуунун максаты —Евразия экономикалык биримдигинин алкагында товарлардын мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо.

"Макулдашуу товарларды ЕАЭБ алкагында бирдей идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартибин аныктайт. Идентификациялык каражаттар менен маркалоого тийиш болгон товарлардын тизмеси Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин чечими менен бекитилет", — деп айтылат маалыматта.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0