Крона, вона, йена... Улуттук банктын резервинде канча өлкөнүн акчасы бар

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Запастагы каражат эл аралык эсептешүүлөргө, төлөм балансынын дефицитин жабууга жана улуттук валютанын курсун турукташтырууга жумшалышы мүмкүн.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Кыргызстандын эл аралык валюта резерви 12 валютадан турат. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Январь айынын аягындагы маалыматка караганда, резервдин көлөмү 2 миллиард 170,4 миллион долларга барабар. Бул каражат эл аралык эсептешүүлөргө, төлөм балансынын дефицитин жабууга жана улуттук валютанын курсун турукташтырууга жумшалышы мүмкүн.

2018-жылдын аягында Улуттук банктын эл аралык валюта резервинде 12 өлкөнүн акчасы бар болчу. Алар:

  • АКШ, Австралия, Сингапур жана Канада долларлары;
  • евро;
  • Швейцария франкы;
  • Англия фунт стерлингдери;
  • Япония йенасы;
  • Россия рубли;
  • Кытай юаны;
  • Түштүк Корея вонасы;
  • Норвегия кронасы.

"Резервдин курамы Кыргызстандын тышкы карызынан жана өкмөт менен Улуттук банктын эл аралык милдеттеринен көз каранды", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле аталган резерв дүйнөлүк экономиканын өнүгүшүнө жана эл аралык каржы рыногунун абалына жараша түзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0