Бензиндин баасы — 36 сом. Парламентте кайрадан май маселеси көтөрүлдү

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүМай куйуучу жай. Архив
Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлүнүн айтымында, дүң баа менен чекене сатыктагы күйүүчү майдын наркындагы айырма 20 пайыздан ашып кеткен.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев Кыргызстандагы нефтебазалар менен май куюучу жайлардагы күйүүчү майдын баасынын айырмасы 20 пайыздан ашып кеткенин айтып, буга ким чара көрөрүнө кызыкты.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев
Бензиндин баасы — 36 сом. Парламентте кайрадан май маселеси көтөрүлдү - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев

Депутат өз сөзүндө бензин маселесин буга чейин да көтөргөнүн айтып, анда дүң жана чекене баанын айырмасы 10 сом болуп жатканын айтканын белгиледи. Эл өкүлү андан бери Монополияга каршы күрөшүү агенттиги эч кандай чара көрбөгөнүнө нааразы болду.

"Азыркы баа кандай? Бишкектин четиндеги нефтебазаларда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 32,80-33 сомдон сатылып жатат. Ал эми май куюучу жайларда 40 сом 90 тыйындан сатылууда. Дизелдин дүң баасы 39 сом, май куюучу жайларда 45 сомго чейин экен. Айырмасы 8 сом, 20 пайыздан ашып кетип жатпайбы", — деди ал.

ЖК депутаты Элвира Сурабалдиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Депутат Сурабалдиева бензин лоббисин кимдерден уккандыгын айтып берди
Депутат, андан сырткары, Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов жергиликтүү радиолордун бирине берген маегинде дүң баа менен чекене баанын айырмасы 10 пайыздан ашпашы керектигин айтканын кошумчалады.

"Бүгүнкү күнү айырма 20 пайыздан ашып жатат. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчисинин айтканына таянсак, анда бизде бензин 36 сомдон сатылышы керек экен. Бирок бүгүн бензин 40-41 сомдон сатылууда", — деди ал.

Токтошев нефтебаза менен май куюучу жайдагы күйүүчү майдын баасындагы айырмага ким жооп берерин өкмөттүн өкүлүнөн сурады. Андан сырткары, чайкоочуларга, кызыл кулактык кылгандарга ким чара көрөрүнө кызыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0