Казакстан кыргыз картошкасына коюлган чектөөнү алмай болду

© Sputnik / Сергей Мамонтов / Медиабанкка өтүүКартошка. Архив
Картошка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
28-февраль күнү Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Казакстандын премьер-министринин орун басары менен сүйлөштү.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Казакстан Кыргызстандан барган алма, картошка, курманы ташууга киргизген чектөөсүн алып салмай болду. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Эске салсак, Казакстан 19-февралдан тарта өзүнүн аймагына жогоруда аталган продукцияларды киргизүүгө убактылуу тыюу салган. Кийин көйгөйдү чечүү үчүн Абылгазиев Астанага делегация жиберери маалым болгон.

Натыйжада 28-февраль күнү Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Казакстандын премьер-министринин орун басары менен ветеринария, фитосанитария жана суу-энергетика чөйрөсүндөгү маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

"Казак тарап Кыргызстандын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын нотификациялар боюнча маалыматын караган соң, картошка, алма жана курманы ташууга киргизилген чектөөнү алып салуу боюнча протоколго кол коюлду", — деп айтылат маалыматта.

Соя түшүмүн жыйноо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айыл чарба министринен кеңеш: эми картошка эмес, соя эккиле
Мындан сырткары, тараптар Кыргызстанга Казакстандан комиссия жөнөтүүнү макулдашты. Алардын сапарынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ветеринардык көзөмөлүнүн эквиваленттүүлүгүн таануу жана кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде ветеринардык-фитосанитардык көзөмөлдү алып салуу маселеси ЕАЭБ Кеңешинин 2019-жылдын 29-мартына белгиленген жыйынына чыгарылат.

Ошондой эле тараптар айланма Чүй-2 каналынын курулушу, ошондой эле Чу дарыясынын бассейниндеги сууну эсептөөнү автоматташтыруу боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишкен.

Сапардын жүрүшүндө Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган Кыргызстандын делегациясын кабыл алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0