Өлкөдө бензиндин баасы кантип аныкталат? Нефтетрейдерлердин жообу

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүПовышение акцизов на дизельное топливо и бензин в Москве
Повышение акцизов на дизельное топливо и бензин в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин мамлекеттик органдар жана Жогорку Кеңеш нефтетрейдерлерге күйүүчү-майлоочу майга болгон баанын жогору экенин айтып, аны түшүрүүнү сунуштаган.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү майдын баасы кантип коюларын түшүндүрүп берди.

Эске салсак, буга чейин мамлекеттик органдар жана Жогорку Кеңеш нефтетрейдерлерге күйүүчү-майлоочу майга болгон баанын жогору экенин айтып, аны түшүрүүнү сунуштаган. Мисалы, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Россиядагы дүң баанын түшкөнүн айтса, парламент депутаты Эмил Токтошев Кыргызстандагы нефтебазалар менен май куюучу жайлардагы бензиндин баасынын айырмасы 20 пайыздан ашып кеткенин белгилеп, буга ким чара көрөрүнө кызыккан.

"Бардык импортерлор өз капмаларында нефть азыктарынын 2-3 айлык запасын кармап турат. Аларды ар кайсы учурда ар кандай баа менен сатып алышат. Рынокто дүң баа көтөрүлүп кеткен учурда дагы чекене сатууда бааны көтөрүп ийбей кармап турууга дал ошол запастар жардам берет", — деп айтылат билдирүүдө.

Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бензиндин баасы — 36 сом. Парламентте кайрадан май маселеси көтөрүлдү
Ассоциациядан "өздөрү ири киреше көрөт" деген айыптоолорго жооп иретинде АИ-92 үлгүсүндөгү майдын баасы кантип кураларын түшүндүрүп беришти.

Бензиндин сатылып жаткан баасынын 51 пайызын анын дүң баасы түзөт. Салыктар — 22 пайыз, компаниянын сатууга кеткен чыгымдары — 14 пайыз, Россиядан темир жол аркылуу ташып келүү — 11 пайыз, Кыргызстандын ичинен ташуу — 2 пайыз көлөмүндө.

Мындан ташкары, ассоциация салык төлөп, ак эмгек менен иш кылып жаткан нефтетрейдерлерге Казакстандан жашыруун күйүүчү май ташып жаткандардын зыяны тийип жатканын билдирди.

"Мындай майдын баасына салыктар кошулбайт. Адистердин баамына караганда, жылына республикага 250-300 миң тонна мыйзамсыз күйүүчү май кирет", — дешти ассоциациядан.

Мындай көрүнүштөр ак ниет нефтетрейдерлердин ишине чекит коюп коюшу ыктымал экени кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0