Россияда күйүүчү май кымбаттады. Кыргызстанда абал кандай болот?

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүУнаасына күйүүчү май куюп жаткан адам. Архив
Унаасына күйүүчү май куюп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башынан бери өлкө аймагында бензин 1,5 сомго, дизель майы 1,3 сомго арзандады.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Россиянын мунай иштетүүчү заводдорунда күйүүчү майдын дүң баасы 3-5 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

"Март айында бензиндин баасы үч пайызга, дизель майыныкы алты пайызга өстү. Буга сезондук суроо-талаптын өсүшү, мунайдын кымбатташы сыяктуу факторлор себепкер", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми Кыргызстанда кымбаттоолор күтүлбөйт.

"Нефтетрейдерлердин запасы бар үчүн март айында күйүүчү май кымбаттабайт. Тескерисинче, арзандайт. Дизель майынын баасы ошол бойдон калат", — деп түшүндүрүштү ассоциациядан.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери өлкө аймагында бензин 1,5 сомго, дизель майы 1,3 сомго арзандады.

Жаңылыктар түрмөгү
0