Жазгы талаа иштери. Архивдик сүрөт

Жазгы талаа иштерине керектелчү дизель майынын жарымы гана даяр

75
(жаңыланган 10:47 06.03.2019)
Боронов дизель майынын орточо баасы 45 сомдон болуп жатканын кошумчалады. Ал күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоо боюнча Россия менен индекативдик план бекитилгенин айтып, быйыл бул маселеде көйгөй болбойт деп ишендирди.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов 2019-жылы жазгы айдап себүү иштери үчүн 39,1 миң тонна дизель майы керектеле турганын, учурда анын 53,2 пайызы даяр болгонун Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Бүгүн депутаттар Кыргыз Республикасында 2019-жылдын жазгы талаа жана чарбалык жумуштарын жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

Боронов ошондой эле дизель майынын орточо баасы 45 сомдон болуп жатканын кошумчалап, күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоо боюнча Россия менен индекативдик план бекитилгенин айтты. Ал быйыл бул маселеде көйгөй болбойт деп ишендирди.

Биринчи вице, андан сырткары, дыйкандарды минералдык жер семирткичтер менен камсыздоодо көйгөй жок экенин белгиледи.

"Минералдык жер семирткичтердин жетишсиздигин алдын алуу үчүн 2017-жылы Өзбекстан менен 100 миң тонна жер семирткич алып келүүгө кол коюлган. Учурда жеке компаниялар минералдык жер семирткичтерди тоскоолдуксуз алып келүүдө. Азыр Кыргызстанда 46,3 миң тонна жер семирткич бар", — деди Боронов.

Өкмөттүн өкүлү ошондой эле машина-трактордук паркты жаңылоо боюнча 2011-жылдан бери мамлекеттик лизинг программасы ишке ашырылып жатканын айтып, анын алкагында 3,3 миллиард сомго 2,5 миңден ашык техника берилгенин маалымдады. Андан сырткары, дыйкандар 3 миңдей айыл чарба техникасын түз сатып алышкан.

"2018-жылы 643,2 миллион сомго 338 даана айыл чарба техникалары лиизингге берилсе, быйыл 350гө чейин берүүнү пландап жатабыз", — деди аткаминер.

Боронов ошондой эле жазгы талаа иштерине даярдыктар өз нугунда жүрүп жатканын белгиледи.

75
Белгилер:
Күйүүчү май, жазгы талаа иштери, Кубатбек Боронов
Тема боюнча
Айыл чарба министрлиги фермердин айыптоолоруна жооп берди
Айыл чарба министринен кеңеш: эми картошка эмес, соя эккиле

Кыргызстандыктар жактырып айдаган унаалардын баасы. Инфографика

159
Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган инфографикада өтүмдүү делген 15 автоунаанын баасы берилди.

Кыргызстандыктар арасында эң популярдуу унаалардын тизмеси:

  • Toyota Camry;
  • Daewoo Nexia;
  • Honda Fit;
  • Honda CR-V;
  • Mercedes-Benz E-класса;
  • Daewoo Matiz;
  • BMW, 5-серия;
  • Volkswagen Passat;
  • Honda Accord;
  • Honda Odyssey;
  • Lexus GX;
  • Hyundai Sonata;
  • Lada 2107;
  • Toyota Prius;
  • Toyota RAV4.

Баа мониторинги 20-ноябрда autobaza.kg, cars.kg жана mashina.kg сайттарына жарыяланган маалыматка таянып жасалды. Машиналардын баасы доллар менен көрсөтүлгөн (27-ноябрга карата доллардын баасын Улуттук банк 84,7 сом деп бекиткен).

159
Белгилер:
баа, унаа, популярдуулук, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанга жалпы эреже менен машина алып кирүү канча турат. Калькулятор
Көз айнек жана сом купюралары. Архив

Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фонду мамлекетке 13 млн. сом зыян келтиргени аныкталды

82
(жаңыланган 13:16 02.12.2020)
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фондунун башкаруу дирекциясы мыйзамсыз аракеттерди жасаган.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фондунун башкаруу дирекциясы мамлекетке 13 миллион сомдон ашуун зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Ысык-Көл облустук прокуратурасы социалдык объектилерди курууга сарпталган акчанын максаттуу пайдаланылышы боюнча текшерүү жүргүзгөн.

Мааламатка караганда, аталган дирекция 2016-2019-жылдары З.С. аттуу жоопкерчилиги чектелген коому менен Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылына спорт зал куруу үчүн келишим түзгөн. 2019-жылдын 4-мартында спорт зал пайдаланууга берилген.

"Бирок дирекциянын өкүлдөрү пайда көрүү үчүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып З.С. ЖЧКсынын кызматкерлери менен сүйлөшүп алып айрым иштерди жогорулатылган баада жасаткан. Ошондой эле аткарылбаган иштер дагы сметага кирип калган. Анын кесепетинен мамлекетке 4 миллион 324 миң 200 сом зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 2014-2018-жылдар аралыгында Тоң районунун Тоң айылында бала бакча куруу үчүн дирекция менен жогоруда аталган ЖЧКнын ортосунда келишим түзүлүп, курулушу бүткөрүлдү делген бала бакча 2018-жылдын 29-майында пайдаланууга берилген.

"Мында дагы тараптар сүйлөшүп алып мамлекетти 4 миллион 378 миң 100 сом зыянга учураткан", — дешти Башкы прокуратурадан.

Мындан тышкары, 2015-2018-жылдар аралыгында Балыкчы шаарында бала бакча курууда дирекциянын кызмат адамдары менен ТИП коомунун кызматкерлеринин ушундай эле кылмыштуу аракеттеринен улам мамлекетке 4 миллион 338 миң 700 сом зыян келтирилгени айтылды.

Мамлекетке жалпы жонунан 13 миллион 041 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Белгиленген фактылар Ыссык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

82
Белгилер:
бюджет, коррупция, фонд, өнүктүрүү, Ысык-Көл облусу
Тема боюнча
Прокуратура 10 млн. сомдук жер тилкени мамлекетке кайтарды
Прокуратура: Бишкекте иштебеген мугалимдерге айлык төлөнгөн факты аныкталды

Каракчылыкка шектүүнү Бишкекте спецназ кармады. Видео

0
(жаңыланган 23:09 02.12.2020)
Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, ири суммадагы акчаны алып кетишкен.

Бишкекте Криминалдык милициянын кызматкерлери спецназ жоокерлери менен биргеликте мыкаачылык менен кол салууга шектелген жаранды кармашты.

Кармоо учурундагы видеону Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы жарыялады.

Маалыматка караганда, 8-октябрь күнү "Жер ынтымагы" конушундагы үйлөрдүн бири каракталган. Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, 5 500 доллар, 150 миң сом жана 60 миң сомдук алтын буюмдарды уурдап кетишкен.

Жазык кодексинин 202-беренесине (“Каракчылык”) ылайык сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жыйынтыгында 32 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

0
Белгилер:
шектүү, каракчылык, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармаган видео жарыяланды