Боронов: картошка сатылбай чирип кетти деген факты жок

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПрисяга членов правительства КР во главе с Мухаммедкалыем Абылгазиевым
Присяга членов правительства КР во главе с Мухаммедкалыем Абылгазиевым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи вице-премьер учурда Ысык-Көлдө 59 миң тонна гана картошка калганын кошумчалады.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов ушул тапта Кыргызстанда картошканын баасы 5,5 сомдон ылдый түшпөгөнүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Бүгүн депутаттар Кыргыз Республикасында 2019-жылдын жазгы талаа жана чарбалык жумуштарын жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө өкмөттүн маалыматын укту.

"Ушул тапта баа 5,5 сомдон түшкөн жок. Кочкор, Ысык-Көл зонасында 5,5 сомдон 7 сомго чейин, түштүк зонада 10-12 сомдон болуп жатат. Сатылышы боюнча карасак, Ысык-Көл зонасында 59 миң тонна эле картошка калды. Албетте, "чирип жатат, сата албай жатабыз" деп айтып жатышат, бирок факты менен "мынча тонна картошка чирип, мынчасын төктүк" деген маалыматты акимдерден ала албай жатабыз", — деди Боронов.

Биринчи премьер ошондой эле 9-январдан 10-февралга чейин 82 миң тонна картошка сыртка чыгарылганын айтып, өкмөт бул боюнча аракеттерди көрүп жатканын белгиледи.

Картошка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстан кыргыз картошкасына коюлган чектөөнү алмай болду
"Мамлекет тарабынан иштер жүргүзүлүп айыл чарба министри Өзбекстанда төрт күн сүйлөшүү жүргүзүп келди. Ассоциацияга барып атайын келишим түздүрүп берди. Тилекке каршы, азыр Казакстан транзитке чыгууда маселеге тыюу салгандыктан көйгөй болуп жатат. Келе жаткан жуманын ичинде буюрса булар да чечилет", — деди ал.

Боронов бул маселе боюнча вице-премьер Жеңиш Разаков Казакстанга барып келгенин айтты.

Өкмөт ошондой эле март айы аяктаганда 10-15 миң тоннадай картошка калат деп божомолдоп жатканын белгилеп, башка мамлекеттер да картошка алууга кызыкдар болуп жатканын кошумчалады.

"Азербайжандан да келип жатышат, алар 2 миң тонна алабыз деп министрлик менен сүйлөшүп кетишти", — деди Боронов.

Белгилей кетсек, буга чейин дыйкандар картошкасын сата албай кыйналып жатканын айтып, бул маселе Жогорку Кеңеште дагы бир нече ирет көтөрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0