Ысык-Көл облусунда таштандыны кайра иштетүүчү завод. Архивдик сүрөт

Ысык-Көлдө таштандыны кайра иштетүүчү завод ачуу пландалып жатат

212
(жаңыланган 17:59 07.03.2019)
Завод куруу боюнча буга чейин үч ирет тендер жарыяланып, бирок бир дагы каалоочу болгон эмес.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда таштандыны кайра иштетүүчү завод ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн терегек столдо билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылы бул максатта үч ирет сынак жарыяланган.

"Долбоорго 5 миллион сом бөлүнгөн. Бирок техникалык-экономикалык негиздеме берүү боюнча адис жок болгондуктан, тендерге заявка берилген эмес. Анын үстүнө беш миллион сом жетишсиз, учурда чет элдик инвестор изделип жатат. Таштанды маселеси Корумдудан Тору-Айгырга чейин өтө актуалдуу", — деди Иманалиев.

Ушул эле ич-чарада Кыргызстандын аймагында 500гө жакын ишкана таштанды чогултуу, кайра иштетүү боюнча мыйзамсыз иш алып барары белгилүү болду.

212
Белгилер:
тендер, завод, таштанды, Ысык-Көл, Кыргызстан
Тема боюнча
Иманалиев: Ысык-Көлдөн чыккан таштандынын теңинен көбү желим баштык
Кыргызстанда 500 жай таштандыларды мыйзамсыз чогултуп кайра иштетет
Кыргызстандын аймагында 16 млн. тонна таштанды жатат