Элеттеги дыйкандарга 380,2 млн. сомдук жеңилдетилген насыя берилди

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүРабота ООО "Тихорецкагроинвест" в Краснодарском крае
Работа ООО Тихорецкагроинвест в Краснодарском крае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Айыл чарбасын каржылоо-7" долбоору быйыл февраль айынын ортосунан тарта өз ишин баштаган.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. "Айыл чарбасын каржылоо – 7" долбоорун ишке ашыруунун алкагында 380 миллион 167,8 миң сомго жеңилдетилген 946 насыя берилди. Бул туурасында Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган тизме үстүбүздөгү жылдын 6-мартына карата алынган.

"Айылдык дыйкан-фермерлер өсүмдүк өстүрүүчүлүккө — 52,8 миллион сомго 139, мал чарбачылыкка — 296,9 миллион сомго 796, кайра иштетүүгө жана кызмат көрсөтүүлөргө — 30,4 миллион сомго 11 жеңилдетилген насыя алды", — деп айтылат маалыматта.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев . Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Министр: айыл чарба продукциясынын 11 түрүн өндүргөндөр жеңилдетилген насыя алат
Эскерте кетсек, өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү жолго салуу максатында өкмөттүн "Айыл чарбасын каржылоо-7" долбоору ишке ашырылган. Анын негизинде февраль айынын ортосунан баштап дыйкан-фермерлерге 6, 8 жана 10 пайыздык чен менен жеңилдетилген насыя бериле баштаган.

Элеттиктерге бериле турчу жеңилдетилген насыянын жол-жобосу менен бул жактан тааныша аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0