Ишкерлерге пайдалуу делген аймактардагы долбоорлорго сынак уланууда

Жазылуу
Долбоордун алкагында Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусу 25 миллион доллар бөлүүгө даяр.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстанда "Аймактар — өнүгүүнүн баштапкы чекити" деп аталган сынак уланып жатканын журналисттерге Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун төрагасы Эркин Асрандиев айтып берди.

Конкурс былтыр жарыяланган. Аймактардагы 16 долбоорду ишке ашыруу үчүн 25 миллион доллар бөлүнгөн. Ар бир облуска эки-үч долбоордун чегинде квота бөлүнгөн. Бирок дагы алты арыз түшкөндүктөн документтерди кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

"Ар бир облус үчүн ишмердүүлүктүн анык бир түрү аныкталган. Мисалы, Чүйгө жеңил өнөр жайы, багбанчылык, логистикалык борборлорду куруу, ошондой эле эт жана сүт азыктарын кайра иштетүү тармагы каралды", — деди Асрандиев.

Обращение сома в КР - Sputnik Кыргызстан
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун каражаты 2019-жылы түгөнүп калбайт
Сынактын жеңүүчүлөрү жылдын аягында аныктала турганы белгиленди. Долбоорлорун жүзөгө ийгиликтүү ашырып, насыясын өз мөөнөтүндө төлөгөндөргө ага чейин төлөнгөн пайыздык акчанын жарымы кайтарылат.

Сынакка катышуунун шарт-талабы төмөнкүдөй: ишкерлер 4-8 пайыздык үстөк менен 300 миңден 5 миллион долларга чейин акча ала алат. Жеңилдетилген мөөнөт — 24 ай. Кененирээк маалыматты сынактын сайтынан алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0