Министр: мамлекеттик карызды киши башына бөлгөндө 600 доллардан туура келет

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүДоллары США
Доллары США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү Аалы Карашев учурда мамлекеттин ички жана тышкы карызына кызыгып, аны ар бир кыргызстандыкка бөлө келгенде канчадан туура келерин сурады.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Учурда Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4,4 миллиард долларды түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында финансы министри Бактыгүл Жээнбаева билдирди.

Эл өкүлү Аалы Карашев мамлекеттин ички жана тышкы карызына кызыгып, аны ар бир кыргызстандыкка бөлө келгенде канчадан туура келерин сурады.

Жээнбаева тышкы карыз 3 миллиард 825 миллион доллар, ички карыз 638 миллион сом экенин айтты. Ал эми карызды жан башына бөлө келгенде ар бир жаранга 600 доллардан туура келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0