Дүйнөлүк валюта фонду Кыргызстанга электроэнергияны кымбаттатууну сунуштады

Жазылуу
Дүйнөлүк валюта фондунун адистери Бишкекте консультация өткөрүп, бир нече чечим чыгарышты.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Дүйнөлүк валюта фондунун адистери Кыргызстанга электр энергиясынын тарифин жогорулатууну сунуштады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Курс сома в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт суу, электр кубаты кымбаттайт деген маалымат боюнча үн катты
Кристиан Жос 6-марттан 19-мартка чейин Бишкекте болуп кеңеш берип кетти. Анын айтымында, Кыргызстандын экономикасы былтыр 3,5 пайызга өскөн, ал эми 2019-жылы экономикалык өсүш 3,8 пайызды түзөөрү болжонууда. Орточо инфляция 2,2 пайызга, бюджеттин тартыштыгы 3,4 пайызга жетет.

Жос белгилегендей, "Кумтөр" кенине атаандаш боло алчу кен табылбаса, экспорттун 38 пайызын түзгөн алтын казуу иштери 2023-жылдан кийин кескин азаят.

Ал ошондой эле банк жана насыя тармагына көңүл буруу керектигин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0