Бир жылда Кыргызстандын алтын запасы 13 млрд. сомго өскөн

© AFP / SEBASTIAN DERUNGSАлтын куймалары. Архив
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алтын менен чет элдик валюта сомдун курсун кармап турууга жардам берет.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Февралдын аягына карата Улуттук банктын алтын запасынын жалпы баасы 34 миллиард 929,3 миллион сомду түзгөнү тууралуу маалымат мекеменин сайтына жарыяланды.

Бюро гравюры и печати в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан
Ямайка да 100 доллар бөлүптүр. 15 жылда кайсы өлкөдөн канча акча келди. График
Алтын жана чет элдик валюта сомдун курсун турукташтырып турууга жардам берет. Резерв валютанын ондон ашуун түрүнөн, СDR (Эл аралык валюта фондусунун жасалма резервдик жана төлөм каражаты) жана алтындан турат.

2018-жылга салыштырмалуу запас 13 миллиард 90 миллион сомго көбөйгөн. Былтыр февралдын аягында жалпы көлөм 21,8 миллион сомдун чегинде экени айтылган. Бул 2008-жылдан бери катталган рекорддук көрсөткүч болчу. Дал ушул убакыттан бери маалыматтар ачык болуп келе жатат. 2008-жылдын 1-январында запас 2,5 миллион сомго бааланып, ошондон бери өсүүдө.

Буга чейин Улуттук банктын резерви кайсы өлкөнүн валютасынан турары жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0