Өкмөт былтыр туристтерден канча акча түшкөнүн айтты

Жазылуу
Былтыр Кыргызстанга 7 миллиондун тегерегинде турист келген.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстандын вице-премьери Замирбек Аскаров Кыргыз-Россия аймактар аралык "Стратегиялык өнөктөштүктө жана интеграциядагы жаңы горизонттор" аттуу сегизинчи конференцияда 2018-жылы Кыргызстанга жалпысынан 7 миллион турист келгенин айтып, андан 25 миллиард сом түшкөнүн белгиледи.

Аскаров Кыргызстанда 2019-жылы туристтер үчүн шарттар дагы жакшыртылып, кирешени 40 миллиард сомго чейин чыгаруу пландалып жатканын айтты.

Кыргызстанда туризм кандай өнүгүп жатат - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан туристтерден канча пайда көрдү? Туризм боюнча фактылар
Аны менен катар учурунда Ысык-Көл бүткүл СССРдин ден соолукту чыңдоо жайы болгонун айтып, ошол даңазаны кайтаруу үчүн аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи.

Кыргыз өкмөтү туризм жаатында да чет элдик компаниялар, анын ичинде Россиянын компаниялары менен иштешүүгө дилгир экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, аталган конференция Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турчу мамлекеттик сапарын утурлай уюштурулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0