Балык. Архивдик сүрөт

Кыргызстан Россияга балык экспортунун көлөмүн 1 млрд. рублге жеткирет

241
(жаңыланган 15:45 27.03.2019)
"Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору" аттуу VIII конференцияда келишим менен меморандумга кол коюлду.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы бир катар жеке менчик компаниялар 2019-2025-жылдары Россияга 1 миллиард рублге чукул балык экспорттоо боюнча меморандумга кол койду.

Документке кол коюу иш-чарасы "Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору" аттуу Кыргыз-Россия аймактар аралык VIII конференциясында уюштурулган "Транспорт-логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен Кыргызстан менен Россиянын агороөнөржай комплексин өнүктүрүү" аттуу тегерек столдо ишке ашты.

Андан сырткары, Кыргызстан менен Россиянын үрөнчүлүк ассоциациясы 25 миллион долларлык келишимге, айыл чарба азыктарын кайта иштетүү боюнча 600 миллион сомдук меморандумга да кол коюлду.

241
Белгилер:
экспорт, балык, Россия, Кыргызстан
Тема:
"Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору" конференциясы (15)
Тема боюнча
Кыргызстандын 7 окуу жайы россиялык ЖОЖдор менен келишим түздү
Вице-премьер: Россияга чыккан КР товарларынын 80%ы рынокко эркин кирет