Патрон. Архивдик сүрөт

Бишкекте белгилүү патрондорду чыгаруу пландалууда

118
(жаңыланган 15:08 27.03.2019)
Окторду батыш өлкөлөрүнө экспорттоо каралып жатат.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Борбор калаада спорттук-аңчылык патрондорду чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу "Бишкек штамп заводу" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алмаз Акматалиев "Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору" аттуу Кыргыз-Россия аймактар аралык VIII конференциясында сүйлөп жатып билдирди.

Акматалиев бул завод коргоо комплексине карап, атайын жабдууларды жетиштүү чыгарган Борбордук Азиядагы жападан жалгыз ишкана экенин эскертти.

Жетекчинин айтымында, аталган завод Россиянын ишканалары менен тыгыз иштешет.

"Дагы бир биргелешкен жумуш — бул батыш өлкөлөрүндө суроо-талапка ээ болгон 5.56 спорттук-аңчылык патронунун жаңы модификациясын өздөштүрүү. Учурда биз согуштук патрондорду чыгарып жатабыз", — деди Акматалиев.

Ал Бишкек штамп заводунда аталган окту өндүрүү үчүн эки жылдан кем эмес убакыт керек экенин кошумчалады.

118
Белгилер:
завод, Россия, Кыргызстан
Тема:
"Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору" конференциясы (15)
Тема боюнча
Россияга темир жол менен жыл сайын 2,2 миллион тонна жүк ташылат
Кыргызстан Россияга балык экспортунун көлөмүн 1 млрд. рублге жеткирет
Кыргызстан "Жер-Үй" кенинен канча каражат табарын инвестор айтып берди