"Русэлпром" КР гидроэнергетикасына 1,5 млрд. доллар салууга даяр

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүПроизводство кирпича на Новокубанском ЗКСМ
Производство кирпича на Новокубанском  ЗКСМ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан тоо-кен жана айыл чарба тармагында бирге иштешүүнү ниет кылышууда.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. "Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору" аттуу Кыргыз-Россия аймактар аралык VIII конференциясында инвестиция жана экспорт жаатында кызматташуу жөнүндө бир катар документтерге кол коюлду.

Автомобильный завод КАМАЗ - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда КамАЗ чогултула башташы мүмкүн
Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги менен Россиянын "Русэлпром" электротехникалык концерни кызматташуу тууралуу 1,5 миллиард долларлык меморандумга кол коюлду.

Аталган агенттиктин башчысы Шумкарбек Адылбек уулу бул жерде сөз гидроэнергетикалык тармакта долбоорлорду ишке ашыруу боюнча болуп жатканын айтты. Анын ичинде чакан жана ири ГЭСтерди куруу дагы бар.

Мындан башка жалпы суммасы 54 миллион доллар болгон 8 документке кол коюлду. Алар:

  • Кара-Балта тоо-кен комбинаты менен Россиянын "Экономи Полимерс Ру" компаниясынын заводду модернизациялоо жана Ысык-Көлдөгү уран чыккан жерди иштетүү боюнча келишим (30 миллион доллар);
  • "Кыргыз унаа курулуш" ЖЧКсынын Ульяновск станок курулуш заводу менен жабдууларды алып келип, заводдун ишин илгерилетүү боюнча меморандуму (5 миллион доллар);
  • Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги менен Россиянын "Примтекс" компаниясынын пахтаны кайра иштетүү жана даяр продукция чыгаруу боюнча меморандум (5 миллион доллар);
  • "Оттук Агропитомник" ЖЧКсынын Россиянын "НПК ГидроИнТех" компаниясы менен айыл чарба өндүрүшүн ишке ашыруу жана органоминералдык жер семиркичти чыгаруу боюнча жабдуу алып келүү тууралуу меморандуму (12,5 миллион доллар);
Работа Климовского специализированного патронного завода - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте белгилүү патрондорду чыгаруу пландалууда
Кыргызстанда жууп-тазалагыч каражаттарды чыгаруучу биргелешкен ишкана түзүү тууралуу меморандум (1,5 миллион доллар);
  • Заманбап маалымат технологияларын өнүктүрүү, кеңейтүү жана фотовидео каттлл системасын модернизациялоо боюнча меморандум (так сумма жок);
  • Өнөктөштүк мамилени орнотуу жана өнүктүрүү жөнүндө меморандум;
  • Маалымат технологияларды өнүктүрүү жана кызмат көрсөтүү жаатында кызматташуу боюнча меморандум.
  • Буга чейин кол коюлган келишимдердин жалпы суммасы 1,5 миллиард долларга чамалап барган.

    Жаңылыктар түрмөгү
    0