Бишкек менен Санкт-Петербургдун депутаттары кызматташмай болду

© Фото / пресс-служба БГКЦеремония подписания меморандума о взаимопонимании между БГК и Законодательным собранием Санкт-Петербурга
Церемония подписания меморандума о взаимопонимании между БГК и Законодательным собранием Санкт-Петербурга - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин депутаттары РФ шаарында иш сапар менен жүрөт.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңеши менен Санкт-Петербургдун мыйзам чыгаруу жыйынынын ортосунда өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Кол коюу аземи Санкт-Петербург шаарында өттү. Ага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров менен Санкт-Петербургдун Мыйзам чыгаруу жыйынынын башчысы Вячеслав Макаров кол койгон.

© Фото / пресс-служба БГКБишкек шаардык кеңеши менен Санкт-Петербургдун мыйзам чыгаруу жыйынынын ортосунда өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга кол коюлду.
Бишкек шаардык кеңеши менен Санкт-Петербургдун мыйзам чыгаруу жыйынынын ортосунда өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга кол коюлду. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бишкек шаардык кеңеши менен Санкт-Петербургдун мыйзам чыгаруу жыйынынын ортосунда өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга кол коюлду.
© Фото / пресс-служба БГККол коюу аземи Санкт-Петербург шаарында өттү.
Кол коюу аземи Санкт-Петербург шаарында өттү. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Кол коюу аземи Санкт-Петербург шаарында өттү.
1/2
Бишкек шаардык кеңеши менен Санкт-Петербургдун мыйзам чыгаруу жыйынынын ортосунда өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга кол коюлду.
2/2
Кол коюу аземи Санкт-Петербург шаарында өттү.

Макаров Кыргызстан Борбор Азия аймагында стратегиялык өнөктөш экенин белгилеп, ар кыл тармакта кызматташуу жолго коюлганын айтып өттү.

Өз кезегинде Абиров аталган меморандум тажрыйба алмашууга, кыргыз-орус мамилесинин өнүгүүсүнө жаңы ыргак берерине ишеним арттып жатканына токтолду.

Эскерте кетсек, Бишкектин депутаттары РФ шаарында иш сапар менен жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0