Жээнбеков КР продукциясынын өзгөчөлүгүн атады

© Sputnik / Табылды КадырбековГосударственный визит Владимира Путина в Кыргызста
Государственный визит Владимира Путина в Кыргызста - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков экономикалык кызматташуу мындан ары кеңейе берерине үмүт артарын билдирди.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков россиялык кесиптеши Владимир Путинге атамекендик продукциялардын сапаты канчалык жогору экенин айтып берди.

Мамлекет башчысы айыл чарба тармагында кызматташууну күчөтүү зарылдыгын дагы белгилеп өттү.

"Маалым болгондой, биздин продукция экологиялык жактан тазалыгы менен айырмаланат. Ветеринардык көзөмөл боюнча система бул тармакты алдыга сүрөдү. Россия Кыргызстандан барган этке салынган тыюуларды алып салды, буга биз абдан ыраазыбыз", — деди мамлекет башчы.

Жээнбеков ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү өскөнүн билдирип, экономикалык кызматташуу мындан ары кеңейерине үмүт артарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0