Церемония подписания документов по итогом переговоров в узком составе Сооронбая Жээнбекова и Владимира Путина в Бишкеке

КР жана РФ президенттеринин сүйлөшүүсү бардык тармакты камтыды

135
Мамлекет башчылар эки жолугушуу өткөрдү.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков брифинг учурунда кол коюлган документтер эки өлкөгө тең чоң пайда алып келерин айтты.

Белгилей кетсек, Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди. Кыргызстан менен Россиянын өлкө башчылары резиденцияда эки жолугушуу өткөрдү.

"Сиздин сапарыңыздын алкагында болгон маанилүү сүйлөшүүлөр бардык сфераларды камтыды. Сиздин жеке колдооңуз менен биздин кызматташуу жаңы деңгээлге чыкты. Мамлекеттик сапарыңыз Кыргыз-Россия мамилелеринин тарыхый окуясы болуп калмакчы", — деди Жээнбеков.

Анын айтымына караганда, жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр жаңы эле аяктады.

"Сүйлөшүүлөр менен жолугушуулар жакшы маанайда өттү. Бир катар келишимдерге кол коюлду. Алардын ишке ашырылышы эки өлкөгө тең чоң пайда алып келет", — деп кошумчалады президент.

Учурда эмне болуп жатканын билүү үчүн Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан окуңуздар.

135
Белгилер:
документ, келишим, Россия, Кыргызстан
Тема:
Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары (52)
Тема боюнча
Жээнбеков Путинден кыргызстандык мигранттарды колдоону өтүндү
Бардык маселеде тил табыштык. Жээнбеков Путин менен жолугушуусу тууралуу
Путин Жээнбековго: сиздин аракетиңизден улам Кыргызстанда абал туруктуу
Жээнбеков КР продукциясынын өзгөчөлүгүн атады