РФ президенти Владимир Путин

Путин: кыргыз продукциясы 2020-жылдан тарта КРде сертификацияланат

121
(жаңыланган 16:19 28.03.2019)
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун линиясы менен 300 миллион долларлык долбоор каржыланганы белгиленди.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин Кыргызстандын экономикасы ЕАЭБ шартына ыңгайлашуусу үчүн Россия колдоо көрсөтүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусу аркылуу 300 миллион долларлык долбоорлор каржыланды. Ошондой эле чек ара бекеттери менен бажы инфраструктурасын жакшыртууга 200 миллион доллар бөлүнгөн.

"Бардык иш-аракеттер аяктагандан кийин, тагыраагы, 2020-жылы кыргыз продукциясы ЕАЭБдин техникалык регламентине дал келер-келбесин аныктоочу сертификациядан Кыргызстандын өзүнөн өтө алат", — деди Путин.

Белгилей кетсек, Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди. Учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан окуңуздар.

121
Белгилер:
Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду, Евразиялык экономикалык биримдик, Россия, Кыргызстан
Тема:
Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары (52)
Тема боюнча
Россияда 2020-жыл Кыргызстандын жылы болот
КР жана РФ президенттеринин сүйлөшүүсү бардык тармакты камтыды
Путин Кыргызстанда пайда боло турган ири ишканаларды атады
Жээнбеков Путинден кыргызстандык мигранттарды колдоону өтүндү