Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" пунктунда 140тай фура токтоп турат. Видео

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүГраница между Киргизией и Казахстаном
Граница между Киргизией и Казахстаном - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казак тарап Кыргызстандан келе жаткан жүк ташуучу автоунааларды тыкыр текшерип, Казакстандын талаптарына жооп бербеген фураларды кайта кайтарууда.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү пунктунда учурда жүк ташуучу 140тай автоунаа Казакстанга кире албай токтоп турат. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Буга чейин оор жүк ташыган айдоочулар кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл пунктунда Кыргызстандын жүк ташуучу автоунаалары Казакстанга кире албай, кыйынчылык жаралып жатканын билдиришкен болчу.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, Казакстан өлкө ичине аткезчилик менен алып келинип жаткан товарларды текшерип, алдын алуу иштерин жүргүзүп жаткандыктан чек арада фуралардын кезеги көбөйүп кеткен. Өзгөчө айыл чарба продукциялары менен күнүмдүк колдоно турчу товарлар дыкат текшерилүүдө.

"Учурда "Ак-Тилек" көзөмөл жайында чек арачылардан тышкары фитосанитария, салыкчылар да турат. Алар ар бир машинаны 15-20 мүнөт текшерип жатышат. Андан сырткары, Казакстандын киргизген талаптарына жооп бербеген автоунаалар кайра кайтарылууда. Ал машиналар Кыргызстанга кетпестен көзөмөл өткөрүү пунктунун аймагында турат. Ошондуктан ал жерде ушундай көп машина чогулуп калды", — деп маалымат кызматынан кабарлашты.

Последнее заседание Жогорку Кенеш V созыва - Sputnik Кыргызстан
Чек ара чыры: депутаттар өкмөттүн отставкасын талап кылууда
Чек ара кызматы мындай текшерүү качанкыга чейин уланарын так билбей турганын билдирип, Кыргызстан тарапты алдын ала кабардар кылбай, казак чек арачылары "бүгүнтөн тарта ушундай текшерүү болот" деп эле айтып коюшканын айтты.

Автоунаалардын тыгыны бир гана "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү пунктунда болуп жатканы, калган башка көзөмөл өткөрүү жайлары кадимки тартипте иштеп жатканы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0