Чүйдөгү мал союучу эки цех ЕАЭБдин Бирдиктүү реестрине кирди

Жазылуу
Аталган ишканалардын биринчиси бодо жана майда мал союу, этин бөлүү жана сактоо менен алектенсе, экинчиси балыкты кайра иштетет.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын биргелешкен аракеттеринен кийин Чүйдө мал союлуучу эки цех Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Бирдиктүү реестрине киргизилди. Бул тууралуу Ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциядан билдиришти.

Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл федералдык кызматы менен 2018-жылдын август айынан берки кызматташуунун жыйынтыгында Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан "ТОРО" жана "ЭФТАР Агро Комплекс" мал союу цехтери ЕАЭБдин бардык талаптарына жооп берет деп табылды.

Аталган ишканалардын биринчиси бодо жана майда мал союу, этин бөлүү жана сактоо менен алектенсе, экинчиси балыкты кайра иштетет.

Граница между Киргизией и Казахстаном - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" пунктунда 140тай фура токтоп турат. Видео
Инспекциядан билдиришкенине караганда, эл аралык талаптарга жооп берген мал союлуучу цехтердин көбөйүшү чийки этти экспорттоого өбөлгө түзөт.

Эске салсак, өткөн айда Россия Кыргызстандагы шарп ылаңы боюнча эпизоотикалык абалдын жакшырганынан улам чийки эт экспорттоого 2007-жылы коюлган чектөөсүн алып салган.

Эми негизги талап боюнча эти сыртка чыкчу малдын бардыгы ЕАЭБдин Бирдиктүү реестрине кирген цехтерде союлушу зарыл.

ЕАЭБдин Бирдиктүү реестри — Бажы биримдигине кирген бир өлкөдөн экинчисине өзү өндүргөн, кайра иштеткен, сактаган товарын жеткирүүгө расмий уруксаты бар ишканалардын тизмеси.

Жаңылыктар түрмөгү
0