Церемония подписания документов по итогом переговоров в узком составе Сооронбая Жээнбекова и Владимира Путина в Бишкеке.

КР РФ алакасы: кол коюлган документтердин саны менен так суммасы айтылды

388
(жаңыланган 14:13 30.03.2019)
27-28-мартта Бишкекте Кыргыз-Россия аймактар аралык VIII конференция өткөн.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бишкекте өткөн Кыргыз-Россия аймактар аралык VIII конференциянын жыйынтыгында жалпы суммасы 6 миллиард 135 миллион долларлык 53 документке (келишим, контракт, меморандум жана жол картасы) кол коюлган. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган конференция 27-28-мартта өткөн.

Кол коюлган документтердин тизмеси:

  • Инвестициялык кызматташуу боюнча 35 документ — 5 миллиард 514,7 миллион доллар;
  • Соода-сатык боюнча 18 келишим — 620,16 миллион доллар;
  • Энергетика тармагы боюнча эки документ — 2,5 миллиард доллар;
  • Жер казынасын жана тоо-кен тармагы боюнча үч документ — 1,73 миллиард доллар;
  • Өнөр-жай тармагында беш документ — 537,5 миллион доллар;
  • Соода-логистика, айыл чарба жана агроөнөржай комплекси боюнча 17 документ — 497,2 миллион доллар;
  • Транспорт тармагында эки документ — 100 миллион доллар;
  • Финансы жаатында кызматташуу боюнча төрт документ — 100 миллион доллар;
  • Маалымат-коммуникация технология тармагында — 50 миллион доллар;
  • Соода-сатык тармагы боюнча:
  • Айыл чарба продукцияларын жеткирүү боюнча 13 контракт — 88,36 миллион доллар;
  • Өнөр жай продукцияларын жеткирүү боюнча 5 контракт — 531,8 миллион доллар.
388
Белгилер:
соода, инвестициялар, документ, келишим, Россия, Кыргызстан
Тема:
"Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору" конференциясы (15)
Тема боюнча
Путиндин Кыргызстанга болгон сапары 5 мүнөттүк видеодо
Россиялык ишкерлерди кызыктыра турган үч нерсе аталды
КР жана РФ президенттеринин сүйлөшүүсү бардык тармакты камтыды