Президенттин аппараты кыргыз-казак чек арасындагы абал боюнча үн катты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүЧек арада кезекте турган жүк ташуучу унаалар. Архив
Чек арада кезекте турган жүк ташуучу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ак-Тилек" пунктунда фуралар кезек күтүп өтө албай турганы боюнча маалымат 29-мартта тараган.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы абал боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Кыргыз-казак чек арасынын "Ак-Тилек" (Казакстан тараптан "Карасу") көзөмөл өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын узун кезеги түзүлгөн. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча 1-апрелге карата ал жерде 223 автоунаа коңшу өлкөгө өтө албай турат.

"Сүйлөшүүлөр өкмөттөрдүн деңгээлинде өтүп жатат. Казак тарап күнүмдүк тиричиликте колдонулчу буюм-тайымдарды текшерүүгө алууда. Ал эми тамак-аш штаттык режимде өткөрүлүп жатат", — деди Сыдыков.

Белгилей кетсек, "Ак-Тилек" пунктунда фуралар кезек күтүп өтө албай турганы боюнча маалымат 29-мартта тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0